Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:27

Нарын АЙЫП, Прага Швециянын Илимдер академиясы 2004-жылдын Нобел сыйлыгына татыган окумуштуулардын ысымдарын атай баштады. 5-июлда физика боюнча лауреаттар болуп үч америкалык илимпоз аталды. Алар физиктердин өздөрүнө да көп түшүнүксүз кварк теориясындагы ачылыш үчүн сыйланды.

Швециялык атактуу ишкер жана окумуштуу Алфред Нобел 1896-жылы негиздеген сыйлык азыр илимдин төрт тармагында жана андан тышкары адабият менен тынчтык орнотуу аракеттери үчүн берилет. Алгач сыйлык физиология менен медицина, физика, химия, адабият жана тынчтык үчүн берилчү, кийин экономика боюнча дагы сыйлык негизделген. Биринчи Нобел сыйлыгы 1901-жылы берилген.

Быйылкы сыйлыктардын алгачкы ээлери 4-октябрда аталды - физиология жана медицина тармагындагы изилдөөлөр үчүн Нобел сыйлыгына америкалык окумуштуулар Ричард Аксел менен Линда Бак татыды. 5-октябрда болсо физика боюнча сыйлык дагы америкалык үч окумуштууларга - Дэвид Гросс, Дэфид Политзер жана Фрэнк Вилчекке бериле турганы жарыяланды.

6-октябрда химия боюнча лауреат, 8-октябрда тынчтык сыйлыгынын ээси аталат, ал эми экономика боюнча жеңген окумуштуунун аты 11-октябрда аталаары күтүлүүдө. Адабият боюнча сыйлана турган жазуучу, адаттагыдай эле, кийин аталат. Ал эми сыйлыктардын өздөрүн Швециянын падышасы 10-декабрда Стокгольм шаарында тапшырат.

Физика боюнча сыйлык быйыл америкалык үч окумуштууга өзөктүк изилдөөлөр тармагындагы жетишкендиктери үчүн берилди. Швеция илимдер академиясынын башкы катчысы Гуннар Оквисттин айтымында, сыйлык үч окумуштуу ортосунда бөлүнөт:

-Швециянын илимдер академиясы 2004-жылдын физика боюнча Нобел сыйлыгын үч окумуштуу - Дэвид Гросс, Дэфид Политзер жана Фрэнк Вилчек ортосунда бөлүп берүүнү чечти. Алар кварктар ортосундагы катуу байланыш теориясында жакындоо эркиндиги бар экенин ачканы үчүн сыйланат.

Гросс Калифорния университетинде, Политзер ошол эле Калифорния штатынын Технология институтунда ал эми Вилчек Массачусетс штатынын Технология институтунда иштейт. Алар ааламдагы бардык нерселердин негизин түзгөн эң майда бөлүкчөлөрдүн өздөрүн түзгөн кварк деп аталган бөлүкчөлөр тууралуу теорияны өркүндөтүп, мурда түшүнүксүз болгон бир топ нерсени түшүндүргөн. Теория боюнча алты кварк бар, алардын бешөө эксперимент аркылуу табылган, бирок бул бөлүкчөлөр өз алдынча жашай албайт, алар эң майда бөлүкчөлөрдүн бири болуп эсептелген протон жана нейтрондордун бөлүгү гана боло алат. "Кварк" деп аларды атактуу америкалык физик Мюррей Гелл-Манн ирландиялык жазуучу Жеймс Жойстун романында айтылган сөздөн улам атап салган.

Азыркы физикада ааламдын түзүлүшү талаа теориясы менен түшүндүрүлөт, андай талаалардын азырынча төртөө белгилүү. Алардын экөө - гравитация жана электромагнит талаалары баарыга белгилүү, ал эми өзөктүк физикада эң майда бөлүкчөлөр ортосундагы байланыштарды "күчтүү" жана "алсыз" талаа таасири менен түшүндүрсө болот. Нобел сыйлыгына татыган америкалык үч окумуштуу кварктар ортосундагы ошондой күчтүү байланыш теориясында ачылыш жасаган жана эксперттердин айтымында, аны менен ааламдын түзүлүшүн түшүнүү багытында алдыга дагы бир кадам атталды. Биридиктүү талаа теориясын түзөм деп атактуу Алберт Эйнштейн элүү жыл иштеп, аны түзө албай кеткен.

Ар бир Нобел сыйлыгы быйыл 10 миллион швециялык кронага же бир миллион 342 миң долларга барабар. Америкалык үч окумуштуу бул акчаны үчкө бөлүп алат. Нобел сыйлыктарынын ичинен физика үчүн берилген сыйлык эң баалуу болуп эсептелет жана тарыхта ал америкалык окумуштууларга эң көп берилген. Бирок эң күчтүү илим болуп эсептелген математика боюнча Нобел сыйлыгы жок.

Сүрөттө: Алфред Нобел сыйлыкты 1896-жылы негиздеген.
XS
SM
MD
LG