Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Ферреро-Вальднер Еврошаркетти АКШ менен мамилелерин оңдоого чакырды


БРЮССЕЛЬ. Еврошаркеттин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенито Ферреро-Вальднер уюмду Ирак маселесинен жогору көтөрүлүп, АКШ менен мамилесин оңдоого чакырды. Бүгүн Европарламенттин тышкы байланыштар боюнча комитетинде сүйлөгөн сөзүндө Ферреро-Вальднер, ошондой эле, Еврошаркет демократиялуу жана күчтүү өлкө болуп келаткан Россия менен алакалашууга тийиш деп билдирди. Жакынкы Чыгыш маселеси жөнүндө болсо комиссар "Еврошаркет Улуттар уюму, АКШ жана Россия менен бирдикте аракеттенип, региондо тынчтыкты орнотуусу абзел",- деп айтты. Австриянын тышкы иштер министри Ферреро-Вальднердин кызмат мөөнөтү соңуна чыгууда.

XS
SM
MD
LG