Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Өзбек президенти АКШ өкмөтүнүн өкүлү менен эки өлкөнүн мамилесин талкуулады


ТАШКЕН. Бүгүн Ташкенде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов АКШнын тышкы иштер министринин жардамчысы Линкольн Блуумфелд менен жолугушту. АКШнын Ташкендеги элчилигинин маалыматына караганда, эки тарап ырасмий Вашингтондун чет элде жайгашкан аскерлерди башка жактарга алып кетүү жөнүндө жасаган билдирүүсүнө байланышкан маселелерди талкуулашты.

Ал эми Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги болсо тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди талкуулашканын айтат. АКШ Өзбекстандын эки аскердик базасын жана өлкөнүн аймагын Ооганстандагы антитеррордук операцияларды ишке ашыруу жана Ооганстанга гуманитардык жардам берүү үчүн пайдаланууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG