Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Арам акчага адал согуш жарыяланды


МОСКВА. Россия арам акчаларды адалдап жаткан уюшулган кылмыштуу топторго каршы күрөшүү үчүн атайын мекеме түзүүнү сунуш кылды. Өлкөнүн финансы министри Алексей Кудриндин айтымында, Москва бул мекемени каржылоо үчүн келерки жылы 2 миллион доллар бөлөт:

- Жолу торолгон ар бир доллар менен рубль сандаган адамдардын өмүрүн сактап кала алат.

Мекемеге Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларус кирет. Аны түзүү жөнүндөгү келишимге эртең Москвада өтүп жаткан эки күндүк конференциянын соңунда кол койулат.

XS
SM
MD
LG