Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Чеченстанда республиканын президенти Алу Алханов ант берди


ГРОЗНЫЙ. Чеченстанда президент болуп шайланган генерал-майор Алу Алханов ант берди. Ант берүү каадасында сүйлөгөн сөзүндө ал:

-Баардык аракетибиз Чеченстандагы элдин башын кошуп, эң жакшы салттарыбыз менен үрп- адаттарыбызды жандантууга, республиканын экономикасы менен социалдык тармагын кайра курууга жумшалат,- деп айтты.

Ант берүү каадасы өкмөттүн имаратында күчөтүлгөн коопсуздук шарттарында өткөрүлдү. Салтанатка Россиянын чөлкөмдөрүнүн өкмөт башчылары жана федералдык өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG