Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

ЧЕЧЕНСТАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИ АНТ БЕРДИ


5-октябрда Чеченстандын жаңы президенти Алу Алханов ант берди. Грозныйдагы инаугурация коопсуздук органдарынын катуу көзөмөлү алдында өттү. Быйыл майда жумурияттын башчысы Ахмад Кадыров терракттан мерт кеткеден кийин кезексиз шайлоо жарыяланып, Кремлдин колдоосуна ээ болгон Алханов жеңип чыккан эле. Ант берип жатып, Алханов Чеченстанда стабилдүүлүк орнотом деп убада берди.

-Биздин умтулууларыбыз, аракеттерибиз чечен элин бириктирүүгө, биздин эң жакшы салт-мурастарыбызды жандантууга, жумурияттын экономикасын, социалдык тармагын калыбына келтирүүгө багытталат,- деди Алханов Грозныйда өткөн салтанатта.

Ант берүү аземи кайсы жерде, саат канчада болоору акыркы мүнөткө чейин жашыруун сыр катары сакталып келди.

Баш калаанын көчөлөрүн тишине чейин куралданган полиция менен коопсуздук күчтөрү жылчыксыз кылып кайтарып турушту. Иш-чарага чакырылган 500дөй конок өкмөт үйүнө бир-бирден киргизилип, атайын текшерүүдөн өткөрүлдү.

Жумурияттын жетекчилери Грозныйдын стадионунда 9-майда болгон окуялардын кайталанбашы үчүн бар аракетин жумшашты. Быйыл жеңиш майрамына арналган парад учурунда расмий адамдар отурган трибунада бомба жарылып, президент Кадыров каза тапкан эле. Ошентип жумуриятта эрте шайлоо белгиленген.
29-августта өткөн ат салышууну Кремль өз колу менен тандаган талапкер Алханов, маркум Кадыровдой эле оңой жеңип чыкты. Байкоочулар болсо добуш берүүдө одоно бурмалоолорго жол берилген деген сын-пикирин билдиришкен.

Алханов салтанатта сүйлөгөн сөзүндө мурдагы президентти да эскерди:

- Тапшырылган ишке жаңыча мамиле жасоону турмуш талап кылууда. Жетекчилик менен эл-жерибизде баракатчылыкты, стабилдүүлүктү орнотууда биргелешип аракеттенүүгө тийиш. Бул биздин алгачкы президентибиз Ахмад хажы Кадыровтун да максаты болчу. Мындан башка жолубуз жок. Каракчылар менен террористтерди биргелешип гана жеңе алабыз.

Алхановдун шайланышы удаа-удаа терракттар менен коштолду. Адегенде жүргүнчү ташыган эки учак абадан жарылды, 1-сентябрда болсо Түндүк Осетиядагы мектеп барымтагы алынып, трагедиядан 350го жакын киши ажал тапты. Бул кол салуулар үчүн чечен согушкерлери жоопкерчиликти өзүнө алышты.

Кадыровдун тушунда ички иштер министр кызматын аркалаган Алханов адегенде азыркы өкмөттү таркатып, жаңы министрлерди дайындайт. Премьер-министр Сергей Абрамов жана анын орун басары Рамзан Кадыров өз орундарында кала берет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG