Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

ООГАН АЯЛДАРЫНЫН АБАЛЫ ЖАКШЫРУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ооганстанды беш жыл бою бийлеген талибдер катуу диний эрежелерди киргизип, аялдарды коомдук турмуштан таптакыр чыгарып салган. Ошондуктан өлкөдө 9-октябрда өтө турган президенттик шайлоого бир аял талапкер катышаары чоң ийгилик катары бааланууда, анткен менен коомдо диний ырым-жырымдар дагы эле күчтүү.

Эски адат ооган коомунда канчалык күчтүү экенин - добуш берүү эркектер жана аялдар үчүн эки башка уюштурулуп жатканы эле көрсөтөт. Коомго катуу сиңген диний ырым-жырымдарды дароо жок кылуу мүмкүн эмес экенин шайлоо даярдап жаткан эл аралык уюмдар дагы түшүнөт. Экинчи жагынан, көптөгөн карапайым адам гана эмес, кээ бир дубандардын жетекчилери дагы аялдардын саясий турмушка катышканынан жакшы эч нерсе чыкпайт деп эсептейт.

Ооганстандын түштүк жана чыгыш аймактарында акыркы апталарда добуш бере турган аялдар жашаган үйлөргө түнүчүн каттар келе баштады. Ал каттарда - эгер аялдар шайлоого катышып, добуш берсе, аларга каршы кийин чара көрүлөт деген коркутуп-үркүтүүлөр жазылган. Өлкө боюнча катталган 10 миллион 600 миң добуш берүүчүнүн 41 пайызын аялдар түзөт, бирок түштүк аймактарда катталган аялдардын саны андан алда канча аз - Кандагарда 27 пайыз, ал эми Урузган менен Забул провинцияларында катталган аял добуш берүүчүлөрдүн саны он пайыздан да төмөн.

Талибдер аялдарга көчөдө жалгыз басканга, мектепте иштегенге жана бети түгүл, бутун ачканга тыюу салган. Ошондуктан азыр аялдын бүткүл денесин жапкан бурканын ордуна бети-башына хижаб оронуу аялдарды эркиндикке чыгаруу багытындагы чоң жетишкендик катары эсептелет.

"Хюман райтс вотч" аттуу адам укуктарын коргогон эл аралык уюм 5-октябрда ооган аялдарынын абалына арналган атайын доклад жарыялады жана анда келтирилген маалыматтарга караганда, шайлоого катышууга жана көчөдө эркин басып жүрүүгө аялдар укук алганы - чоң жетишкендик. Бирок аялдар саясий турмушка катыша баштаганы коомчулукка жаман абал болуп көрүнгөн адат өлкөдө дагы эле күчтүү жана андай коомдук көз карашты жакын арада өзгөртүү кыйын. Экинчи жагынан, аялдардын өздөрүнүн дагы аң-сезими эскиликтен арыла элек жана аны өзгөртүү үчүн канча убакыт кетээри белгисиз.

Анткен менен абал жакшы жакка өзгөрүп баратканын дагы тануу мүмкүн эмес. Президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн 18 адамдын ичинде Масуда Жалал аттуу аял бар экени дагы канаттандырарлык көрүнүш. Бирок бул жыйырмага жакын талапкердин ичинде жалгыз аял болгону - абал канчалык татаал экенин көрсөтөт. Ооганстан азыр мындан 40 жыл мурдагы абалды кайра баштап жаткан сыяктуу - өлкө парламентине депутат болуп биринчи аял 1964-жылы шайланган, андай окуялар ал кезде европалык мамлекеттерде деле чанда кездешчү.

Бирок Бобо Жан аттуу аял-шайлоочунун пикиринде, деги эле шайлоо өткөрүлүп, ага аялдар дагы катышып жатканы азыркы Ооганстан үчүн саясий төңкөрүш болбосо да өтө орчундуу өзгөрүш:

-Шайлоого катышуу аялдар үчүн өтө маанилүү, анткени биз тынчтык каалайбыз. Өлкөдөгү куралдуу кагылышуулар токтош керек. Эң негизгиси болсо биз туура адамды президент кылып шайлоону каалайбыз.

Талибдер учурунда жана аларга чейин ондогон жылга уланган согуш мезгилинде Ооганстанда карапайым адамдар үчүн кандай болбосун коомдук ишмерлик дээрлик жоголгон, бирок андай чектөөдөн аялдар эң көп жапа чеккен.
XS
SM
MD
LG