Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:57

Ысыккөлдө казият жыйын курду


КАРАКОЛ. Жыйынга өкмөт алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башкы адиси Жаныбек Ботоев катышты. Анда облустук улуттук коопсуздук, ички иштер башкармалыктарынын жана облустук прокуратуранын кызматкерлери Ысыккөл аймагында күч ала баштаган “Хизб ут-Тахрир” партиясынын аракеттери тууралуу маалымат беришти.

Мисалга келтирилген фактыларга караганда “Хизб ут-Тахрир” партиясынын Конституциялык түзүлүшкө каршы халифат куруу идеясына 30-35 жаштагы жигиттер, кыз-келиндер көбүрөөк азгырылууда. Ушул тапта "хизб ут-тахрирчилер" деп шектелген жети адамдын үстүнөн кылмыш иши козголду.

Өткөн жылдан бери эле аталган уюмдун миңге жакын баракчалары табылган. Бул уюмдун жашыруун топтору Жетөгүз районундагы Актерек, Түп районундагы Тасма, Токтаян, Ойбулак айылдарында жана Каракол, Чолпоната, Балыкчы шаарларында тымызын үгүт иштерин жүргүзүшүүдө.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG