Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Ферганадагы бейөкмөт уюмдар чегара боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын талкуулашты


ОШ. Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын отуздан ашуун өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда үч өлкөнүн ортосунда чегарадан өтүүнү изилдөөгө алган мониторингдин жыйынтыктары талкууланды. "Эларалык толерантуулук үчүн" коомдук фондунун президенти Рая Кадырова изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен аймагындагы чатактуу деп эсептелинген жыйырма төрт чегара өтмөгү катталгандыгын билдирди.

Рая Кадырованын айтымында, аталган өтмөктөрдүн көпчүлүгү чегарадан өтүүчү пункт катары катталган эмес. Ошол себептен жергиликтүү тургундар менен чегарачылар ортосунда чатак чыгып турат.

Жолугушуунун катышуучулары жергиликтүү калктын арасында чегарадан өтүүнүн мыйзамдык ченемдери жөнүндө маалыматтын аздыгын, ал эми чегарачылар тарабынан адам укугун сыйлоо, маселени түшүндүрүү жолу менен чечүү жагдайлары жолго коюлбагандыгын белгилешти. Талкуунун аягында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу чечимин кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG