Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Сохтон согулуп жатышат


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн 6-октябрдагы маалыматына караганда акыркы күндөрдө Өзбекстандын Сох анклавындагы чегарачылардын мыйзамсыз аракеттерине нааразы болгон элдин арыз-даттануулары көбөйүүдө. Мындай арыз-даттануулар өзгөчө Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнүн жашоочуларынан көп түшүүдө. Облус губернаторунун наамына жолдонгон арыздарда тоо боорундагы Кайынды, Кан, Жаңырык айылдарынын эли облус борборуна баруу үчүн Өзбекстандын Сох анклавын басып өтүүгө аргасыз болушаары, өзбек чегара бекеттеринен өтүү акыркы убакта кыйындап кеткени эскертилет.

Баткен-Кайынды багытындагы автобус каттамын өзбек чегарачылар ар кандай шылтоолор менен эки саатка дейре кармары, бир жаштагы балдардан да күбөлүк сурап, атүгүл Баткен базарынан сатылып алынган азык-түлүктөр үчүн да уруксат кагаз талап кылаары белгиленип, эч кандай негизсиз мындай аракеттер кыргыз атуулдарынын наразылыгын күчөтүп жатканы айтылат. Ошондой эле облус бийлигинен өзбек тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу маселени жөнгө салуу жагы суралган. Учурда өзбек тарап менен сүйлөшүү аракеттери көрүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG