Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:03

Парламентте энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси каралат


БИШКЕК. 7-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны 2001-жылдан бери мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн жыйынтыгы тууралуу токтом кабыл алып, энергетика тармагын жана «Кыргызгаз» ишканасын менчиктештирүү маселесин карай баштайт.

Шейшемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары кыргыз өкмөтү соңку жылдары өлкөдөгү эң кирешелүү энергетикка тармагын атайылап чыгашалуу тармакка айландырып, чет өлкөлүк ишканаларга сатууну көздөп жатат деп, ага каршы пикирин билдиришкен.

Энергетика тармагынын кирешелүүлүгүнө мисал катары депутаттар бир киловат саат электр энергиясын өндүрүүгө үч тыйын сарпталарын жана 2001-жылга чейин энергетика тармагы жылына казынага бир жарым миллиард сомдон ашуун таза киреше берип келгендигин келтиришкен.

Ал эми өкмөт мүчөлөрү учурда энергетика тармагындагы жабдуулардын эскиргендигин жана аны алмаштырууга бери дегенде 50 миллион доллардан ашуун инвестиция талап кылынаарын айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG