Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Кыргыз-жапон ымаласы артмакчы


БИШКЕК. 6-октябрда Кыргызстан менен Жапония өкмөттөрүнүн ортосунда техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ага Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков менен Жапониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Тошио Цунодзаки кол коюшту. Алардын билдирүүсү боюнча, макулдашуу эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуусун бекемдеп, өлкөгө жапониялык ыктыярдуу адистердин келишине шарт түзөт.

Анткени, макулдашууда техникалык кызматташуу долбоорлорун иштеп чыгуу, анын негизинде кыргызстандык адистерди Жапонияда окутуу жана Кыргызстандын экономикасынын ар кыл тармагын жапониялык адистердин иликтөөсү белгиленген.

Кол коюу маалында айтылган маалыматка караганда, жаңы долбоорлорду Жапониянын JICA агенттиги ишке ашырат.

Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы алака 1992-жылы түзүлгөн. Андан бери Жапония Кыргызстанга 300 миллион доллардай финансылык жана техникалык жардам берген.

XS
SM
MD
LG