Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Бейөкмөт уюмдардын коалициясы «МСНди» колдоого алды


БИШКЕК. Бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы өкмөттүн алдындагы монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменттин «МСН» гезити тууралуу чыгарган чечимине байланыштуу билдирүү таратты. Анда департаменттин чечими маалымат каражаттарынын ишине мыйзамсыз кийлигишүү жана сөз эркиндигин чектөө аракети катары бааланды.

Билдирүүдө гезит рыногу монополияга каршы мыйзам колдонула турган тармак эмес, себеби бул тармакта табигый же уруксат берилген монополия жок жана кардардын укугун басмырлай турган өндүрүш жок деп айтылат. Андан тышкары «МСН» гезити маалымат каражаттарынын рыногунда басым жасай турган абалда эмес экендигин белгиленген жана департаменттин чечими көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы багытталган жаңы чабуулдардын башталышы экендиги айтылган.

XS
SM
MD
LG