Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Өкмөттүк мекеме «МСН» гезитин кымбаттатууну талап кылууда


БИШКЕК. Кыргызстандын монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик департаменти «МСН» гезитинин сатылышына байланыштуу иликтөөсүн аяктап, редакция гезит баасын көтөрсүн деген токтом кабыл алды. Буга «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн, «Учкун» басмасынын, «РИФ», «Бишкек таймс» жана «Южный рынок» редакцияларынын монополияга каршы саясат департаментине басма сөз рыногундагы конкуренцияны басаңдатууну өтүнгөн арызы себеп болду. Алар өздүк наркы 2 сом 64 тыйын турган «МСН» гезитинин бир нускасы 1 сом 34 тыйындан сатылып жаткандыгына нааразы болушуп, гезитин арзан баада саткан редакция басма сөз рыногунда монополист болгону жатат деп арызданышкан.

Ушундан улам департамент гезиттин баасы жогорулатылсын жана жапа чеккен тарап материалдык чыгымын өндүрүп алыш үчүн тиешелүү мекемеге кайрылсын деген чечим чыгарды.

«МСН» гезитинин башкы редактору Александр Ким департаменттин бул чечими мыйзамсыз, анткени өлкөдө «МСН» аттуу бир гана гезит бар жана ал кыргыз тилиндеги же түштүктө чыккан башка гезиттердин сатылышына эч кандай атаандаш боло албайт деп билдирди. Андан тышкары Ким «бул парламенттик шайлоо алдында гезитти жабууга далалаттанган бийликтин гана саясий мүдөөсү» деп белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG