Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 08:17

Ирактын аскер турагында жанкечтинин чабуулунан 10 киши курман болду


Багдаддан түндүк-батыштагы Анах шаарынын жанында дүрмөттөлгөн машина жарылды. Анын аралыгында америкалык жана жергиликтүү аскерлер козголоңчуларга каршы операциясын улантып жатышат. Америкалыктар баштаган күчтөр Бабил аймагында 30 чакты кишини камакка алышты. Фаллужада америкалык согуштук учактар Абу Мусаб ал-Закравинин кишилери кармап турган турумдарды бомбалап жатышат.

Түштүктөгү Басра шаарында британ кайгуулунун жанында бомба жарылды. Кеминде ирактык бир атуул набыт болуп, бир нечеси жараат алды. Ал эми Бакуба шаарында буктурмадан кол салууда үч күрт куралчаны жана бир карапайым киши курман болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG