Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

КЫРГЫЗДАРДЫН УЛУТТУК КИЙИМДЕРИ ТУУРАЛУУ КИТЕП ЧЫКТЫ


Байыртан эле кыргыздар кийишкен кийимдери, жашаган үйлөрү менен да сыймыктанышып келген. Он жылдан ашык убакыттан бери даярдалып коюлуп, каражаттын жоктугунан чыкпай келген тарыхчы-этнографтар Клавдия Антипина менен Айдар Көчкүновдун “Кыргыздардын элдик кийимдери” аттуу көлөмдүү альбому кечээ Анкарадан басылып чыкты.

Анкарадан “Түрк тарых” академиясынын президенти Юсуф Халажоглунун баш сөзү менен таанымал этнограф Клавдия Антипина менен Айдар Көчкүновдун “Кыргыздардын элдик кийимдери” аттуу көлөмдүү китеби үч миң нускада басылып чыкты.

Альбомго 242 түстү сүрөттөр кирген. Алар революцияга чейинки окумуштуулардын, аскер адамдарынын сомоло жана фотосүрөттөрүнөн алынган. Кийимдердин кээ бир түрлөрү, үлгүлөрү, жазма тарыхый даректердин маалыматтары боюнча тартылган. Ошондой эле ага Кыргызстанда XIX жана ХХ кылымдардын 20-50-жылдарындагы изилдөө иштерин жүргүзүшкөн этнографтардын, ошондой эле альбомдун авторлору Антипинанын, Көчкүновдун жыйнаган сүрөттөрү кирген. Алар “Аялдардын кийими”, “Эркектердин кийими”, “Балдардын кийими” деген бөлүмдөрдө берилген.

Альбомго кирген кийимдердин түстүү сүрөттөрүн тартуу өзгөчө кыйынчылыктарды туудурган. Ачык айтканда (тарыхый) кебете-кешпирлерин бузбастан өткөн доорду, элдин ой-кыялын, сулуулукка умтулуусун көрсөтүү эле. Айрыкча кыргыздардын салттуу кийимдери өз убагында түстүү фотосүрөттөргө тартылбай калган. Кийимдердин өңүн, кездемелерди жана башка материалдарды калыбына келтириш үчүн авторлор СССР элдеринин мамлекеттик этнография, Санктпетербургдагы антропология жана этнография музейинин, Москвадагы чыгыш элдеринин, Кыргыз мамлекетик сүрөт өнөр, Ош бириккен-маданий музей коругунун, Ташкен, Алматы, Дүйшөмбү жана башка шаарлардагы музейлердин коллекцияларын пайдаланышкан.
Альбомго кирген кийимдердин бардык түрлөрүн, үлгүлөрүн жаш сүрөтчү Темирбек Мусакеев тарткан.

Көп түстүү альбомдун канча тилде, канча нускада чыкканы жана жалпы эле маңызы жөнүндө Түрк тарых академиясынын президенти Юсуф Халажоглу мындай дейт:

- Бул альбомго өтө баалуу материалдар кирген. Альбом үч тилде кыргыз, түрк, англис тилдеринде үч миң нускада чыкты. Альбомдун жалпы кийимдер жөнүндөгү маалымат берүүчү материалы түрк тилинде берилди. Себеби түрктөр да кыргыздардыкына окшош кийимдерди кийишкен. Экинчиси кыргыз тилинде бүткүл дүйнөлүк окурмандар кыргыз кийимдери менен таанышсын деп англис тилинде берилди. Кептин ачыгын айтсам альбом өтө баалуу, дүйнөлүк окурмандар кызыгып көрө турган кызыктуу сүрөттөр берилген. Менин оюмча альбом көпчүлүктүн алкоосуна арзыйт.

Тилекке каршы, альбомдун авторлору кандайдыр бир себептер менен жазылбай, Аблабек Асанкановдун аты жазылып калган. Аны Юсуфбей тез аранын ичинде оңдоп чыгарып берерин мойнуна алды. Кыргызстанга 1500 нуска китеп берерин дагы кошумчалады.

Сүрөттө: “Кыргыздардын элдик кийимдери” аттуу китептин мукабасы.
XS
SM
MD
LG