Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:01

Түркия Еврокомиссиянын чечимин курсанттана кабыл алды


Еврокомиссиянын Түркияны Евробиримдикке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр баштоого кеңеш берген отчетун Анкара курсанттана тосуп алды. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл бул чечимди Евробиримдик менен Түркия үчүн бирдей тарыхый кадам катары бааласа, премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган Анкара бул чечимди ишке ашырыш үчүн бардык талаптарды аткарат деп ишендирди:

- Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушу – кыска убакытта чечилчү маселе эмес. Албетте, Түркия бул максатка өзү макул болгудай мезгилде жетерине үмүт кылат. Бул кыялын ишке ашырыш үчүн Түркия колдон келгендин баарын жасайт,- деди премьер Эрдоган.

Британия, Германия, Италия жана Польша декабрда бул маселе боюнча соңку чечим кабыл алына турган Брюсселдеги саммитте Түркияны колдой турганын билдиришкен. Дания – Еврокомиссиянын отчёту азырынча чечүүчү этап боло албайт деп эскертти. Еврокомиссиянын ушул отчётунда Болгария менен Румыния 2007-жылы Биримдикке кошулууга чакыруу алышы мүмкүн деп айтылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG