Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

8-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун шашылыш кабарлоосу боюнча, октябрдын сегизинен онуна чейин Кыргызстандын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0 градустан –2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк түшүм жыйноо иштерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

8-октябрда күндүз Ысыккөл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ, ТАЛАС өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5, айрым жерлерде 0…-2 градуска чейин үшүк жүрөт. Күндүз +10…+15 градус жылуу.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18 градус жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН облустарында түнкүсүн 0…-2 градуска суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +8…+13 градус.
БИШКЕКТЕ жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-1 градуска суук болот, күндүз +11…+13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG