Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Нарында шайлоого 200 байкоочу көз салат


НАРЫН. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы 7-октябрда Нарын шаарында көз карандысыз байкоочулар үчүн акыркы семинарды жыйынтыктады. Ошентип 10-октябрдагы шайлоого 200 байкоочу даярдалып, аларга сегиз семинар өткөрүлдү.

Коалициянын Нарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Гүлжамал Султаналиеванын маалыматы боюнча байкоочулардын максаты - мыйзамдардын аткарылышына өбөлгө түзүп, участкалык шайлоо комиссияларына жардам берип, шайлоочулардын укугун коргоо.

XS
SM
MD
LG