Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Баткенге Бишкектеги «Эркиндик» монументинин көчүрмөсү коюлду


БАТКЕН. Облустун башкы архитектору Бегалы Нурмаматовдун 7-октябрда «Азаттыкка» билдиргенине караганда, таза жезден жазалган бул монументтин салмагы 2 тонна 800 килограмды түзөт, бийиктиги 6 метр. Эстелик 9 метр бийиктиктеги постаментке орнотулуп, жалпы бийиктиги 15 метрге барабар болду.

«Эркиндик» монументинин автору, белгилүү бедизчи Тургунбай Садыков. Ал эстеликти кичи мекени Баткен облусунун беш жылдык мааркесинин урматына белек катары тартуулады. Ал эми орнотуу иштери облустун эсебинен жүргүзүлдү.

Эстелик облус түзүлгөндүгүнүн беш жылдык мааркеси белгиленчү 16-октябрь күнү өлкө башчысы Аскар Акаевдин катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG