Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:51

«Шайлоо участкаларынын шайлоого даярдыгы начар» деп табылды


ТАЛАС. Талас облустук администрациясынын шайлоого даярдыкты караган жыйынында добуш берүүгө шайлоо участкаларынын даярдыгы начар деп табылды. Депутаттыкка талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушууларын уюштуруу айыл чарба жумуштарынын кызыгандыгына байланыштуу дээрлик мүмкүн болбой, талапкерлер өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Жыйында белгиленгендей добуштарды сатып алууга байланышкан мыйзамсыз кызмат көрсөтүүлөр орун алып жатат, бирок ал фактылар боюнча укук коргоо органдарында да, шайлоо комиссияларында да эч кандай чара көрүлбөй жатат. Атайын үлгүдөгү 283 кабинага заказ берилгени менен аларды участокторго орнотуу али аяктай элек. 111 шайлоо участогунун жыйырмага жакын участокторунда телефон жок.

Жыйында ушул сыяктуу жана башка бир катар кемчиликтерди бир-эки күндө четтетүү талабы коюлду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG