Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

Ысыккөлдүн стратегиялык өнүгүү планы иштелип чыкты


КАРАКОЛ. Ысыккөл областын 2004-2010-жылдарда стратегиялык жактан өнүктүрүүнүн планы «Кыргызстан социал демократиялык» саясий партиясынын облустук бөлүмү тарабынан иштелип чыкты. Аталган партиянын областагы лидери Догдурбай Мусабековдун айтымында, кадр саясаты, облустун инфраструктурасын жакшыртуу, туризмди өнүктүрүү, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү, чакан жана орто ишканаларды ачуу иштери облустун 2004-2010-жылдардагы стратегиялык-альтернативдүү планына киргизилди.

Ошондой эле жакырчылыкты жоюу, социалдык колдоолорго муктаж болгон кары-картаңдарга жардам көрсөтүү боюнча да кошумча сунуштар айтылып, экология багыттары да каралууда. Бул сунуштарыбыз облустун жетекчилигине жөнөтүлүп, аймактын стратегиялык өнүгүүсү боюнча ырасмий план иштеп чыгуу учурунда алар кошумча материал катары колдонууга тийиш, дейт Догдурбай Мусабеков.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG