Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Индияда Кыргызстандын искусство күндөрү өтөт


БИШКЕК. Ушул айдын он биринен он алтысына чейин Индиянын борбору Нью-Дели шаарында Кыргызстандын искусствосунун күндөрү өтөт. Аны Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен кол өнөрчүлөрдүн Борбор Азиялык ассоциациясы жана Индиянын маданий байланыштар боюнча кеңеши уюштурууда. Искусство күндөрүнүн алкагында кол өнөрчүлөрдүн Борбор Азиялык ассоциациясы жыйнаган элдик кол өнөрчүлүк буюмдары жана сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин сүрөттөрү көрсөтүлөт. Андан тышкары кыргыздын оозеки чыгармачылыгынын чеберлери өнөрлөрүн тартуулашат.

XS
SM
MD
LG