Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Орусиянын тышкы иштер министри келет


БИШКЕК. 11-октябрда Кыргызстанга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ырасмий визит менен келет. Мындай маалымат тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. Сергей Лавров визит маалында президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуусун, эларалык жана регионалдык актуалдуу маселелерди талкуулайт. Андан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин 60 жылдыгына арналган салтанатка катышат. Визит маалында эч кандай документке кол коюлбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG