Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Арам акчаларды адалдоого каршы биргелешкен күрөш башталды


БИШКЕК. 6-октябрда Москвада арам акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүчү Евразиялык топ түзүлдү. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Казакстан, Кытай жана Беларус мүчө болду. Топтун башчылыгына Орусиянын финансыга байкоо салуу боюнча федералдык кызматынын башчысы Виктор Зубков, орун басарлыгына Казакстандын экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы Ибраимов бекитилди. Евразиялык топтун ишине Улуу Британия, Өзбекстан, Грузия, Италия, АКШ, Украина мамлекеттеринин, Эларалык валюта фонду баштаган алты эларалык уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары катышмак болушту.

Топтун башкы милдети арам акчаларды адалдоого каршы күрөштүн эларалык стандарттарын ар бир мамлекеттин өзгөчөлүгүнө жараша жайылтуу. Анын алгачкы пленардык жыйыны ушул жылдын аягында Москвада болот.

XS
SM
MD
LG