Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

ЖАЗУУЧУ ЭЛФРИДЕ ЙЕЛИНЕК АЙЫМ – НОБЕЛ СЫЙЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ЭЭСИ


Бүгүн (бейшембиде) Швед академиясы адабият боюнча Нобел сыйлыгынын быйылкы ээсин аныктады. Сыйлык австриялык романчы, драматург жана акын Элфриде Йелинекке ыйгарылганы жарыяланды. Йелинек айымдын чыгармачылыгына сөздү музыкадай куюлуштуруп жазган чеберчилик мүнөздүү экендиги академия тарабынан айрыкча баса белгиленет.

Ошентип, адабият тармагындагы Нобел сыйлыгынын ээси да аныкталды. Швед академиясынын туруктуу катчысы Горасе Энгдахл (Horace Engdahl) быйылкы сыйлык австриялык таанымал жазуучу жана акын айым Элфриде Йелинекке (Elfriede Jelinek) ыйгарылаарын бүгүн Стокгольм шаарында салтанаттуу түрдө жарыя кылды:

- Адабият тармагы боюнча 2004-жылкы Нобел сыйлыгы австриялык жазуучу Элфриде Йелинекке ыйгарылат. Анын ар түркүн үндөрдү жана кайчы үндөрдү музыкалык жактан куюлуштурган романдары менен драмалары коомдогу эски калыптардын абсурддуулугун жана алардын кул-күңгө айландырып мүңкүрөтчү кубатын өзгөчө чебер тилчилик тырышчаактыгы аркылуу ачып берет.

Йелинек айым алгачкы чыгармалар жыйнагын 1967-жылы жарыялаган. Анын саясий көз карашынын калыптанышына 1970-жылдары бүткүл Европаны титиреткен студенттик кыймылдар чоң таасир тийгизген.

Йелинек айымдын чыгармаларын жарыялап келген немистик Роволт (Rowohlt) басма үйүнүн өкүлү Гелмут Дэхне (Helmut Daehne) Нобел сыйлыгынын жаңы ээси тууралуу бейшембиде мындайча оюн билдирди:

- Чынында да ал өтө саясатташкан автор, асыресе, анын “Бэмбилэнд” деп аталган жана Ирактагы согушка арналган драмасы ушуну айгинелейт. Ал саясатта өтө жигердүү. Менимче, дал ушул жагдай анын өзүн жана чыгармаларын айырмалап турат.

Элфриде Йелинек - чыгармачылыгы талаш-тартыш туудурган, айрым эмгектери жанрдык жактан да чаташ мүнөзгө ээ болуп, бирде ыр болуп келип, бирде кара сөзгө өткөн, бирде чыгарманын текстине сүрөттөрдү да органикалык бөлүгү катары кошкон жазуучу жана акын.

Ал 1946-жылы 20-октябрда Австриянын Мүрццушлаг (Mürzzuschlag) жергесинде туулган. Анын 1975-жылы жарык көргөн «Көңүлдөштөр», 1983-жылы чыккан «Пианист окутуучу айым» жана 1989-жылы жарыяланган «Дене кумары» аттуу китептери китеп сүйүүчүлөргө кеңири маалым. Анын «Пианист окутуучу айым» чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасма 2001-жылы Канн кинофестивалында гран-приге – эң жогорку байгеге татыган.

Айтмакчы, 1996-жылы адабият тармагындагы Нобел сыйлыгына польшалык акын айым Вислава Шимборска (WISLAWA SZYMBORSKA) татыгандан бери алгачкы жолу бул жогорку сыйлык аял затына берилип отурат. Жалпысынан, бул адабият тармагындагы сыйлык негизделген 1901-жылдан бери ал он гана аялга берилген. Алардын арасында чилилик акын айым Габриела Мистрал (GABRIELA MISTRAL, 1945) да бар.

Сыйлыкка татыган даңазалуу жазуучулардын ичинен Габриел Гарсия Маркес, Эрнест Хемингуэй, Бернард Шоу, Пабло Неруда, Михаил Шолохов сыяктуу нечендеген калемгерлердин чыгармалары кыргыз тилине которулган. Ал эми кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов совет доорунда бул жогорку сыйлыкка сунуш кылынган талапкерлердин катарында болгону угармандарыбыздын эсинде.

Ал эми тынчтык жаатындагы Нобел сыйлыгынын быйылкы ээси эртең (жума күнү) аныкталмакчы.
XS
SM
MD
LG