Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

К.Бакиев Кыргызстан Эларалык валюта кору менен иштеше бериши керек дейт


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынында менчиктештирүүнүн жыйынтыгы тууралуу талкуунун жүрүшүндө, Кыргызстан менен Эларалык валюта корунун ортосундагы кызматташтык тууралуу маалымат айтылды. Мурдагы өкмөт башчы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиевдин маалыматына караганда, Кыргызстан Эларалык валюта кору менен 1993-жылдан бери кызматташып, аталган фонддон ар тараптуу финансылык жардам алып келүүдө.

«Эгерде энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү этабы токтотулса, анда Кыргызстан менен Эларалык валюта корунун ортосундагы байланыш үзүлүшү ыктымал. Эларалык валюта корунун жардамысыз Кыргызстанда сегиз-тогуз айдан кийин олуттуу экономикалык кризис башталат», деди Курманбек Бакиев.

Ошондой эле Бакиев Эларалык валюта корунун бирден бир талабы болгон энергетика тармагын менчиктештирүүнү азыр эмес, 2005-жылы шайлана турган бир палаталуу парламенттин кароосуна калтырууну сунуштады.

Бул күнү он жети депутат сөз сүйлөдү. Талкуу жума күнү улантыла тураган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG