Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

ЦРУ Саддам Хусейнге жардам берген делгендердин ысымдарын атады


АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы (ЦРУ) бүгүн бир катар адамдардын, көптөгөн мамлекеттердеги менчик фирмалар менен саясий партиялардын тизмесин жарыя кылды. ЦРУнун ишениминде, бул адамдардын жана топтордун жардамы менен Саддам Хусейн Багдатка 1990-жылы киргизилген санкцияларды алып салууга аракет кылган.

Тизмеде жүздөгөн адамдардын аттары бар. Андан сырткары, америкалык чалгындоочулардын айтымында, экс-диктатор өзүнүн бул көз-бойомо аракеттерине 11 миллиард доллардан кем эмес акча жумшаган.

Кабарда айтылгандай, Саддам бул максатта Сириядагы, Иорданиядагы, Түркиядагы жана Бириккен Арап Эмираттарындагы, ошондой эле, Кытай менен Орусиядагы жана дагы бир катар мамлекеттердеги ишканалар менен иштөөгө аракет жасаган.

ЦРУ бул кабарды таратаары менен Франция жана Орусия ага карата ойлорун билдире башташты. Франциянын тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө ЦРУнун маалыматы “тактала элек” деп айтылат. Ал эми орусиялык саясатчы Владимир Жириновский аны Ирактан акча алган деген кинени четке какты.

ЦРУнун маалыматы азырынча көз карандысыз эксперттер тарабынан тастыктала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG