Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Адабият жаатындагы Нобель сыйлыгын австриялык жазуучу алды


Бүгүн адабият жаатындагы жетишкендиктери үчүн Нобель сыйлыгын австриялык жазуучу жана акын аял Элфрида Йелинек утуп алды. Бул тууралуу бүгүн Нобель академиясынын өкүлү Хорас Энгдал төмөнкүлөрдү айты.

-Адабият боюнча 2004-жылдагы Нобель сыйлыгы австриялык жазуучу Элфрида Йелинекке ыйгарылат. Анын чыгармаларындагы музыкалуулук жана тилге болгон адаттан сырт мамиле коомдогу калыптанып калган тилдеги клишенин канчалык деңгээлде начар экендигин даңазалайт.

Адабият жаатындагы Нобель сыйлыгына бул жолу бир канча аялдар талапкер катары көрсөтүлгөн. Алардын арасында канадалык Маргарет Этвуд, алжирдик Ассия Жебар, америкалык Жойс Керол Оутс жана британиялык Дорис Лессинг бар болчу.

Адабият жаатында Нобель сыйлыгы 1901-жылдан тарта берилип келатат. Ошондон бери бул тармактагы сыйлыкка тогуз гана аял ээ болгон.

XS
SM
MD
LG