Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан келечекте парламенттик башкарууга өтөбү деген маселе боюнча учурда коомчулукта, саясатчылардын арасында ар кандай пикирлер айтылып келет. Айрымдар "Кыргызстан азырынча парламенттик башкарууга даяр эмес" деген пикирлерин айтышса, кээбирлери болсо "өлкө буга чейин эле парламенттик башкарууга өтүшү керек эле" деген көз карашта.

Кыргызстанда парламенттик башкарууну киргизүү маселеси алгач 1990-жылдардын башында бир катар саясатчылар тарабынан көтөрүлгөн. Өлкөнүн алгачкы Конституциясынын айрым авторлору да парламенттик республиканы түзүүнү сунуш кылышкан. Бирок мындай сунуштар ошол кезде көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон эмес.

Айрым саясат таануучулар белгилешкендей, Кыргызстанда парламенттик башкарууну орнотуу зарыл жана өлкөдө мындай башкарууга өтүү үчүн буга чейин эле шарттар түзүлгөн. Саясат таануучу Алыбек Акунов буга байланыштуу мындай дейт:

-Азыр дүйнөнүн басымдуу көпчүлүк өлкөлөрүндө башкаруунун парламенттик формасы киргизилген. Кыргызстан үчүн да парламенттик форма кобүрөөк туура келет. Анткени, Кыргызстан көп улутуу, көп маданияттуу өлкө. Бизде түндүк-түштүк, уруучулук маселелери бар. Ушул маселелерден арылуу үчүн, Кыргызстанды бириктирүү үчүн парламенттик республика керек. Ал эми "өлкө ага даяр эмес" деген – бул жөн эле шылтоо. Кыргызстан ага былтыр да, мурдагы жылы да, 90-жылдары да даяр болгон .

Белгилүү болгондой, парламенттик башкаруу системасындагы өлкөлөрдө парламенттик шайлоолор пропорционалдык ыкманын негизинде өтөт жана анда жеңген партия өкмөттүн курамын түзөт. Башкаруунун бул формасында өкмөт менен парламент консенсус принциптеринин негизинде биргелешип мамлекетти башкарууну жүргүзүшөт.

Өлкөдөгү айрым саясий партиялардын программаларында Кыргызстанда парламенттик башкарууну орнотуу максаты каралган. Мындай партиялардын бири Феликс Куловдун жетекчилигиндеги «Арнамыс» партиясы. Партиянын төрага орун басары Эмиль Алиев бул маселе боюнча:

-Биздин партиянын башкы программалык максаттарынын бири – Кыргызстанда парламенттик башкарууну орнотуу. Анткени, парламенттик башкаруу аркылуу гана Кыргызстанды өнүктүрүү мүмкүн деп эсептейбиз. Көрүп жатпайбызбы, бизде деле коңшу мамлекеттердей эле президент ханга айланып баратпайбы. Ал эми парламенттик башкарууга 1990-жылдардын башында өткөн Балтика боюндагы республикалар болсо, саясий, экономикалык жактан өнүгүп, азыр мына Европа Биримдигине киришти.

Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков болсо парламенттик башкарууну киргизүү азыр эрте дейт:

-Менимче, азырынча биздин өлкө үчүн парламенттик башкарууга өтүү эрте. Анткени, азырынча регионалдык, уруучулук маселелер күч алып атпайбы. Бул - бир. Экинчиден, биздин мына саясатта жүргөн ар бир адам өзүнүн эле кызыкчылыгы эмес, өлкө жөнүндө ойлошу керек. Биз дагы бир 5-10 жылдан кийин парламенттик башкарууга өтсөк туура болот эле деген ойдомун .

Ал эми буга чейин алдыдагы президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтө тургандыгын ырасмий жарыялаган "Кыргызстан элдик кыймылынын" төрагасы, экс-премьер-министр Курманбек Бакиев Кыргызстанга азырынча парламенттик эмес, президенттик башкаруу керек деп эсептейт:

-Парламенттик башкарууга өтүү азыр биз үчүн эртелик кылат. Анткени, бүгүнкү күндө бизде өтө көп чечилбеген маселелер бар, экономикалык абалыбыз өтө начар, тартип өтө начар. Ошондуктан, чиновниктердин да тартибин жогорулатып, жоопкерчилигин күчөтүү үчүн мындан ары да президенттик башкаруу кала бериши керек. Бирок Конституциянын жаңы редакциясы боюнча парламенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейди.

«Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев парламенттик республикага өтүү аркылуу азыркы бийликти узартуу максаты көздөлүүдө деген оюн ортого салды:

-Парламенттик республикага өтүү зарыл. Бирок эртең-бүрсүгүнү эле парламенттик башкарууга өтөлү десе, анда Акаевдердин бийликте кайрадан кандай бир башка жолдор менен калып калат деген сөз. Булар азыр бийлигин сактап калуунун амалын издеп жатат. Парламенттик республикага өтүү үчүн даярдык керек. Жок дегенде президенттик бир мөөнөт керек.
XS
SM
MD
LG