Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ҮЧҮН КҮЗГҮ АҢ УУЛОО БАШТАЛДЫ


15-августтан 15-декабрга чейин Кыргызстанда чет өлкөлүк мергенчилер үчүн күзгү аң уулоого уруксат берилди. 4 ай бою Мамлекеттик токой кызматы тарабынан чет элдик аңчылар тоо теке, кулжа, каман баштаган жапайы жаныбарларды атууга мүмкүнчүлүк алышат.

Чет өлкөлүктөр үчүн күзгү аңчылык жеке эле кыргыз жергесинде эле эмес, Борбор Азия мамлекеттеринде да башталды. Чет элдик мергенчилер сибир текелерин, памир тукумундагы тоо эчкилерди, аркар, кулжа жана каман атууга кызыгышат. Бирок Мамлекеттик токой кызматынын адистери бир жылда бул жаныбарлардын канчасы атылаарын аныктап, чек коюшат.

Өлкөнүн аңчылык башкармалыгынын адистеринин айтымында кыргыз жергесинде 16-17 миңдей аркар- кулжа, тоо эчки бар. Өлкөдө чет элдик мергенчилер үчүн 50дөн ашык аңчылык чарбалар иштеп, аларга шарт түзүп, аңчылыкты уюштуруп жүрүшөт.

Кайсы өлкөлөрдөн мергенчилер келип жаткандыгы тууралуу өлкөнүн мамлекеттик токой кызматынын алдындагы аңчылык башкармасынын төрагасынын орун басары Алмаз Мусаев буларды айтты:

-Америка Кошмо Штаттарынан, Германия, Франция, Англия, Венгрия, Чехия, Югословия, Австрия жана башка өлкөлөрдөн мергендер келип жүрүшөт. Орусия менен Казакстандан дагы аңчылыкка кызыккандар бар. Чарбалар чет өлкөлүк мергенчилер үчүн быйыл 70 кулжа, 450 теке, 55 элик жана 5 каман атууга аңчылык башкармачылыктан уруксат сурашкан. Cебеби, Кыргызстандан 1999-жылы атылган текенин мүйүзү 1 метр 52 см. болуп, дүйнөлүк рекордду жаңырткан. Ал эми 2001-жылы Кыргыз жергесинен чет өлкөлүк мергенчи аткан кулжанын мүйүзү 1 метр 71 см. болуп, бул дагы дүйнөлүк рекордго жаңы чек койгон. Ошондон бери чет элдик аңчылар Кыргызстанга кызыгып келе баштаган.

Чет өлкөлүктөр үчүн жазгы жана күзгү аңчылык уюштурулуп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү калктын өкүлдөрү түрдүү пикирлерин айтып жүрүшөт. Жергиликтүү мергенчилер аңчылык коомдорго мүчө болуп, мылтыктарын каттатып, аңчылык кылууга улусат алса, бир текени атууга 180 сом гана акы төлөшөт. Бирок жергиликтүү аңчылар, мергендер үчүн аркар, кулжа атууга өкмөт тыюу салган.
Жергиликтүү элдин пикирлерине караганда чет өлкөлүктөр жазында дагы аңчылыкка келишет.

Карапайым калк жаныбарлардын жазгы төлдөө маалындагы аңчылыкка каршы. Жергиликтүү өкмөттөргө да мындай мергенчиликтен пайда түшпөй жатканын айтышууда. Алардын пикирине аңчылык башкармалыгынын төрага орун басары Алмаз Мусаевдин жообу мындай:

- Эми эл ичинде ар кандай имиштер айтыла берет экен. "Жаныбарлар төлдөөчү мезгилде аңчылыкка уруксат берип жатышат", деп күнөөлөгөндөр да табылат. Түшүндүрүп айта кетейин, жазындагы аңчылыкка 7-8 жаштагы эркек кулжа, тоо текелерди атууга гана уруксат берилет. Алардын мүйүздөрүнүн чоңдугу эске алынат. Быйылтан баштап аркар, кулжа кайсы аймакта атылса акчанын 20 пайызы жергиликтүү казынага бөлүнөт.

Мурдагы жылдары чет өлкөлүк мергенчи аткан кулжа үчүн аңчылык чарбалары 15 миңдей Америка долларын алып, анын 5 миңин чыгымдарына чыгарып, калганын өз пайдасына жумшап, салык төлөбөй келгенин аңчылык башкармалыгы айтып келген. Быйылтан баштап чет элдик мергенчи ар бир атылган кулжа үчүн өкмөт казынасына 5 миң доллар төлөшү каралган. Тоо эчкилер үчүн 600 доллар төлөөгө тийиш. Коңшу Тажикстанда бир кулжаны атканы үчүн чет өлкөлүк мергенчи 10 миң, Монголияда 13 миң доллар төлөшөт. Бирок тилекке каршы, ушул күнгө чейин бир да аңчылык чарбалар өкмөткө бир доллар да акы төлөй электигин, жылдын аягында эсептешебиз дешкенин аңчылык башкармалыгынын кызматкерлери айтышууда.

Быйылкы күзгү аңчылыкта 34 чет элдик мергенчи 20 теке, 2 карышкыр жана 4 элик атып кетип, эларалык "Сафари" көргөзмөлөрүнө коюшкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG