Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Нарын АЙЫП, Прага Мисирдин Синай жарым аралындагы Таба шаарындагы мейманканада 7-октябрда кечинде бомба жарылгандан отузга жакын адам курман болду. Ага удаа ошол эле жарым аралдагы дагы эки эс алуучу жайда эки жарылуу болду жана Израил жетекчилигинин айтымында, бул жардыруулар "ал-Каида" уюму уюштурган аракеттерге окшош.

Биринчи жарылуу кечки саат тогуз жарымда Таба аттуу курорт шаарындагы "Хилтон" мейманканасында болгон. Аны көргөн күбөлөрдүн айтымында, бир машине мейманкананын биринчи кабатындагы залга кирип, жарылып кеткен. Андан көп узабай, бир жанкечти мейманкананын короосундагы бассейндин жанына барып, өзүн өзү жардырып жиберген. Жөөт генералы Яйир Навехтин айтымында, кеминде 19 адам дароо набыт кетти, жүз жыйырмадан ашык адам жараат алды жана дагы кыркка жакын кишинин дайны белгисиз.

Бирок кийин Израилдин ички иштер министрлиги жана Мисир жетекчилиги өлгөндөрдүн саны 12 деп айткан. Анткен менен Израил радиосу 8-октябрда тараткан маалыматка караганда, 27 адам курман болду жана өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү мүмкүн, анткени оор жараат алгандар көп.

Бул окуядан бир саатка жакын убакыт өткөндөн кийин 60 чакырымдай алыстыктагы Нувейба курортуна жакын Тарабин жана Рас ал-Султан деген жерде дагы эки жарылуу болду, андан Израилдин эки жараны мерт кетти. Азыр Израилде диний майрам белгиленүүдө, ошондуктан он миңге жакын жөөт туристи кошуна Мисирдин Синай жарым аралындагы курортторго эс алууга келген, Кызыл деңиз боюндагы Таба шаары Мисир менен Израилдин чек арасында жайгашкан. Он кабаттуу "Хилтон" мейманканасын Мисирге өз кезинде Израил куруп берген.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти "Тахвид исламдык бригада" жана "Жамаа ал-Исламия ал-Аламия" деп аталган эки уюм өзүнө алды, алардын "ал-Каида" менен мурда болгон байланыштары тууралуу маалымат жок. Анткен менен Израилдин коргоо министринин орун басары Зеев Бойимдин айтымында, бул жардыруулар "ал-Каиданын" аракеттерине өтө окшош:

-Террор чабуулунун уюшулганы - аны "ал-Каидага" окшош террордук уюм жасаган сыяктуу дегенге негиз берет. Бул чабуул - палестиналык террор уюмдары ишке ашырган аракеттерге окшошпойт.

"Хилтон" мейманканасынын бир жак канаты толугу менен урап түшкөн, биринчи өлгөндөрдүн алтоо Израилдин жарандары болуп чыкты, калгандары жергиликтүү арабдар жана Британия, Орусия, Швейцариядан келген туристтер. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, мейманканын эң чоң залында сый тамак берүүгө камылга көрүлүп жаткан, анын үстү түшүп кеткендиктен, көптөгөн адамдар урандылардын алдында калган.

Израил бийлигинин айтымында, бул жардыруулар жөөттөргө каршы багытталган, анткени Синайда азыр Израилден келип эс алгандар көп болчу. Жакынкы Чыгышта төрт жылдан бери уланып келаткан жаңы кагылышуулар учурунда жөөттөргө каршы көптөгөн жанкечтилик чабуулдар жасалып, жүздөгөн адам курман болду.

Африканын Кения мамлекетиндеги жөөт мейманканасында дагы 2002-жылдын ноябрында жарылуу болуп, 15 адам каза тапкан. Анткен менен Израил өкмөтү дагы палестиналык арабдарга каршы катуу аракеттерди көрүүдө. Өткөн аптада Израилге Газа тилкесинен ракета атылгандан кийин, жөөт аскерлери араб айылдарына каршы чабуул баштап, бир жуманын ичинде сексенге жакын адамды өлтүрдү.

Сүрөттө: "Хилтон" мейманканасы (Фото Би-Би-Синин сайтынан).
XS
SM
MD
LG