Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:37

11-октябрдан 13-октябрга чейин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекте иш сапары менен болот. Кыргызстандын ырасмий өкүлдөрү менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы орчун проблемаларды талкуулайт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, бул Сергей Лавровдун Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөргө жасаган биринчи иш сапары. Москванын мындай саясий ишаарасы соңку жылдары абыдан активдешип кеткен эки тараптуу мамилеге өзгөчө маани бериле тургандыгын айгинелөөчү белги.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында арасы кыйла сууй түшкөн мамиленин антип кескин жанданышына постсоветтик Борбор Азиянын эки өлкөсүндө АКШнын аскерий базасынын жайгаштырылышы түрткү берди шекилдүү.

Жыйынтыгында эки лөк өлкөнүн аскерий базалары башкалаа Бишкектин түндүгү менен чыгышында жайгашып, президент А.Акаев такай белгилеп келаткан кичинекей өлкөнүн чоң досторунун аскерлери атчабым жерде кошуна болуп отурушат.

Кичи өлкөнүн лөк мамлекеттер менен мамилеси өзгөчө кылдаттыкты талап кылат, дейт Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев. Себеп дегенде, ири державалардын өз ара мамилеси дайым эле шаңкайып ачык боло бербейт, тирешкен эки дөөнүн ортосунда калыш коркунучу да бар:

- «Биз кичинекей өлкөбүз, кичине мамлекетпиз, ошон үчүн бир тарапка ооп кетип ошолорду колдоп, ошолор менен иштеш керек», дегенге мен дагы макул эмесмин. Тышкы саясатты караганда, ар бир өлкөнүн, - мына Орусия болобу, Америкабы же Кытай болобу,- өздөрүнүн кызыкчылыгы бар. Андан тышкары принциптери да бар. Ошол кызыкчылыктары менен принциптери карама-каршы келгенде Кыргызстан үчүн абдан кыйын болот. Муну абдан этияттык менен карап иштеш керек.

Муратбек Иманалиев андан ары сөзүн минтип улантты:

- Ар бир өлкөнүн Кыргызстанда өзүнүн сектору болуш керек. Мына - Американын экономикасы менен демократиясы, ошол жактан катуу иштеш керек. Орусия менен коопсуздук, тарыхый маселелер бар. Ошол жактан да иштеп бир жыйынтыкка келиш керек. Бир чоң өлкөгө шерик болуп жакындап иштеш, менимче, туура эмес. Бирок ошол секторлорду түздөп, аны менен кетсек көп пайда табабыз,- дейт Муратбек Иманалиев.

Ошол эле геосаясий кызыкчылыктын айынан ушу тапта Кыргызстанда болуп аткан иштерге Батыш өлкөлөрү да кылдат баам таштап туру. Анын чоо-жайын белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков мындайча чечмелейт:

- Борбордук Азияда азыр мыйзамга туура келген бийликтин алмашып турушу, элдин эркин, элдин добушун шайлоонун убагында туура, таза шайлоо өткөрүш мүмкүнчүлүгү кайсы жерде бар экен деп эсептеп келгенде салыштырмалуу ушул биздин Кыргызстан болуп калып атат. Мисалы, калган өлкөлөрдө андай перспектива жок. Кыргызстан адегенде демократиялык жолду жакшы эле баштап келатты эле. Андан кийин кемчиликтер, мүчүлүштөр көп болду. Карама-каршылыктар көп учурады, кээде тескерисинен кеткен учурлар кездешти. Ошонусуна карабай, ушундай мүмкүнчүлүк азыр Кыргызстанда бар.

Батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып Орусия Кыргызстандагы демократиянын тагдырына анчалык деле кабатыр боло элек. Бу чөлкөмдөгү таасирин улуттук-маданий байланыштар менен бекемдеп, аны аскерий кубаты менен колдоп турууну жактырат. Москванын андай мамилесине жооп кылып Кыргызстан орус тилин ырасмий тил катары мыйзамдаштырып, Орусиянын шаар-кыштактарында соода кылып, кара жумушта иштеп жүргөн атуулдарына кысым көрсөтпөөнү өтүнүп келатат.

Сүрөттө (архив): Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси Кантта орус авиабазасы ачылгандан кийин өзгөчө бекемделди. (Президенттер А.Акаев менен В.Путин Кантта.)
XS
SM
MD
LG