Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Жума күнү Бишкекте Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблея бюросунун жыйыны болду. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин кызматташуусуна мыйзамдык негиз бере турган 20дан ашык маселе каралып, сунуштар кабыл алынды.

Евразия экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын төрагасы, Казакстандын сенатынын төрагасы Нуртай Абыкаевдин айтымында, жыйында экономикалык интеграция жана бирдиктүү рынокту түзүүгө негиз бере турган маселелер каралып, конкреттүү мыйзамдар боюнча сунуштар такталды:

-Мурда биз уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери сунуш кылган үлгү мыйзамдарды гана даярдачубуз. Бүгүн болсо конкреттүү мыйзамдардын негиздерин даярдоо баскычына өттүк. Мындай сунуш бизге мамлекет башчыларынын өткөн жолку жыйынында берилип, ассамлеяда талкууланган.

Бюро жыйынында каралган олуттуу маселелердин бири - эларалык терроризмге каршы күрөш боюнча укуктук базаны жакшыртуу маселеси болду. Орусиянын мамлекеттик думасынын төрагасынын орун басары Владимир Пехтин эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча маалымат берип, Орусия бул багыттагы мыйзамдарына 44 өзгөртүү киргизгендигин билдирди. Бирок терроризм бүтүндөй дүйнө коопсуздугуна коркунуч келтиргендиктен уюмга мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдарын жакшыртып, бири-бирине шайкеш келтирүү негизги милдет болуп турат. Владимир Пехтиндин айтымында, аны бюро түзгөн атайын комиссия иштеп чыгат:

-Биз бүгүн бул багытта иштей турган атайын комиссия түзүүгө макулдаштык. Анын негизинде уюмга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтиребиз. Терроризмге каршы күрөшүү мыйзамдарын түзүү боюнча Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын тажрыйбасы бар. Менин оюмча, парламенттер аралык ассамблея конкреттүү сунушту даярдайт.

Уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда буга чейин деле көп макулдашуулар кабыл алынган менен иш жүзүндө экономикалык интеграция бекемделген жок. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, жыйында бул жагдайды жакшыртуу боюнча бир катар сунуштар кабыл алынды:

-Биз көп эле макулдашууларга кол коюп, мыйзамдарды кабыл алганбыз. Бирок чечкиндүү жылыштар жок. Ошонун айынан иш ойдогудай болгон жери жок. Анын бир себеби - мыйзамдардагы айырмачылыктар. Маселен, биз пайдаланган бир норма башка мамлекеттерде таптакыр башкача. Ошондуктан, бүгүн салыктарды алуу, бажыканалар аркылуу товар өткөрүү жана баалуу кагаздарды жүгүртүү боюнча мыйзамдарды окшош кылалы деген маанилүү бир маселени талкууладык. Мына ошого жетишсек айырмачылыктар жана тоскоолдуктар жок болот. Менимче, бүгүн бул жагдайда жакшы иш жасалды.

Анткен менен уюмга мүчө мамлекеттердин баарынын башкы көйгөйү болгон миграция маселесине кол жеткен жок. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустембековдун айтымында, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө, айрыкча Орусияда жүргөн кыргыз атуулдарынын укугун коргоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштай алган жок. Жаныш Рустембеков уюмга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилери чогулган жерде ушул маселени козгоо абдан ыңгайлуу болмок деген ойдо:

-Бул маселелердин баарын тышкы иштер министрлиги жана анын алдындагы миграция департаменти даярдап, сунуш кылыш керек болчу. Эч бир аракет кылышкан жок. Азыр Орусияда Кыргызстандын 350–400 миң атуулу иштейт. Биз Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун парламенттер аралык аАссамблеясы жана анын курамындагы Орусиянын мамлекеттик Думасы менен сүйлөшүп, кыргызстандыктарга жеңилдик бере турган мыйзамдарды кабыл алып беришибиз керек болчу. Орусиянын Думасы жакында миграция боюнча абдан катуу мыйзам кабыл алды. Эми кыргыз атуулдарынын баары өлкөгө келсе эмне болот? Аларга кайсы жумушту беребиз? Бул маселе боюнча өкмөт аракеттениш керек эле. Орусия мыйзам кабыл алаары менен эле макулдашууларга кандайдыр бир өзгөртүү киргизүү сунушу менен дароо Москвага чуркап, Мамлекеттик Дума менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү болчу. Ал мындай турсун ушул жерде түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай калдык.

Сүрөттө: Бишкектеги жыйындан көрүнүш (Атыф Аланын фотосу).
XS
SM
MD
LG