Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

ООГАНСТАНДАГЫ ШАЙЛОО КЫРГЫЗ ЖУРТЧУЛУГУНУН КӨЗҮ МЕНЕН


Чолпон Орозобекова , Бишкек Бүгүн - 9-октябрда Ооганстанда алгачкы президенттик шайлоо өтүп жатат. Он алты талапкердин арасынан, байкоочулардын баамында, азыркы президент Хамид Карзайдын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Шайлоонун үзгүлтүккө учурашына кызыкдар күчтөр соңку бир жылда миңге чукул адамдын өмүрүн кыйды. Бул президенттик шайлоо Ооганстандагы кырдаалга кандай таасир бериши ыктымал?

Шайлоо болчу күн жакындаган сайын аны үзгүлтүккө учураткысы келген күчтөр болгон аракетин жасоодо. Талиптер жана "ал-Каиданын" калдыктары улам бир жерде чабуулдарды жана жардырууларды уюштуруп жатышат. Азыркы президент Хамид Карзай билдиргенге караганда талиптердин азыркы саны 100гө жетсе жетет, бирок ашпайт. Азыркы мамлекет башчы талиптерди шайлоого катыштырбай эле койсок болот деп сүйлөгөн кечээ.

Ооганстан эл аралык терррордун уюкташкан аймагы катары Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга болгон таасирин тана албайбыз. Ооганстандагы шайлоого илгери үмүт менен карагандар дагы, бул өнөктүк ооган элине да, коңшу өлкөлөргө да коопсуздук жана бейпилдик бере албайт деген да пикирлер бар.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр башкармалыгынын атташеси Медер Соорбеков Ооганстандагы президенттик шайлоо ал өлкөгө жана Борбор Азия мамлекеттерине стабилдүүлүк алып келет деген үмүтүн билдирди:

-Биричиден, Борбор Азия регионунда бейпилдик болот. Кыргызстан Ооганстандагы кырдаалдын турукташуусуна кызыкдар. Бул шайлоо - тынчтык жараяны башталды деген белги болмокчу.

Соорбеков мырзанын айтымында, Ооганстандагы шайлоодон кийин кыргыз өкмөтү жаңы шайланган президент менен ишенимдүү түрдө алака түзүүгө даяр. Айрыкча соода-экономикалык тармагында келишимдерди түзүүгө кыргыз тарап кызыкдар.

Байкоочулардын баамында, шайлоодо азыркы президент Хамид Карзайдын жеңиши ыктымал. Биринчиден, ооган элинин 40 пайызын түзгөн пуштулар азыркы мамлекет башчыны колдойт. Экинчиден, азыркы мамлекет башчы коалициялык күчтөрдүн колдоосуна ээ. Бирок Хамид Карзай бийликке келген менен куралчан топтор тынчыбайт деген ойлор бар. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Абдимомуновдун пикиринде, президенттик шайлоо Ооганстандагы азыркы кырдаалга анча деле таасирин тийгизе албайт:

- Президенттик шайлоодон кийин кырдаал тынчыйт деп айта албайм. Жардырууларды токтотконго азыркы президенттин да, АКШнын да күчү жетпейт. Буга көп убакыт жана көп каражат керек.

Шайлоо учурундагы коопсуздукту камсыз кылууга коалициялык күчтөргө тийешелүү чет өлкөлүк 18 миң аскер, дагы НАТОго таандык сегиз миң аскер жана жергиликтүү 30 миңге жакын полициячы иштеп жатат. Айрым эксперттер Ооганстан эларалык терроризм жана наркосоода өңдүү көп факторлордон улам өтө кооптуу жана татаал аймак экенин эскертишет.

Саясый баяндамачы Турат Акимдин пикиринде, ооган жергесинде өтө көп кырдуу, ар кайсы өлкөгө багыт алган түрдүү улут жана уруулардын жашаганы да чоң рол ойноп жатат. Анын пикиринде азыр ооган элине өтө сүрдүү жана таасирдүү лидер керек:

-Хамид Карзай Ооганстандын борбордук чөлкөмүндө гана таасирдүү. Мамлекеттин калган бөлүгүн талаа командирлери жана ар кандай корбашылар башкарууда. Андыктан Иракты Саддам Хусейн убагында бир колго алган өңдүү өтө таасирдүү жана сүрдүү адам керек. Менимче, Хамид Карзай андай адамдардан эмес.

Анын оюнда АКШ баштаган коалициялык куралдуу күчтөр кеминде эле он жыл бою Ооганстандан чыкпай бул өлкөдө коопсуздукту камсыз кылып турат деп боолголойт.

Ал эми бул региондогу Америка бийлигинин аракетин майнапсыз катары баалагандар да бар. Чыгыш таануучу Бектемир Жумабаев АКШнын сырттан келип демократия орнотуу аракетинен жыйынтык чыкпайт деген ойдо:

-Американын деморкатияны сырттан алып келип орнотуу аракети майнапсыз калат деп ойлойм. АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн колдоосуна ээ болгон азыркы президент Хамид Карзай жеңет го деп боолголоп турам. Бирок Карзай ооган элине бейпилдик тартуулай албайт.

Көпчүлүк байкоочулар Американын батасын алган Хамид Карзай президенттикке шайланат деп турушат. Жаштар жана балдар уюмдар кошуунунун лидерлеринин бири Алишер Мамасалиевдин пикиринде Америка Хамид Карзайдын өтүшү үчүн аракет кылат, бул талапкер Борбор Азия мамлекеттери үчүн да ыңгайлуу деп санайт:

-Америкалыктар Хамид Карзайдын өтүшү үчүн аракет кылат. Биз үчүн - Борбор Азия региону үчүн да бул ыңгайлуу. Хамид Карзай президент болсо анда ишенимдүү түрдө бул өлкөгө каражат салууга жол ачылат. Мисалы, курулуш тармагын алсак, Кант шыйпыр заводу Ооганстандын инфрастуктурасын курганга катыша баштамак.

Ооганстандагы президенттик шайлоого саналуу сааттар калды. Эларалык эксперттердин баамында кандай болгон күндө да бул шайлоо Ооганстандын турмушунда демократиялык чоң кадам болмокчу.

XS
SM
MD
LG