Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Нарында шайлоочулардын тизмеси жакшы такталбай жатат


НАРЫН. Мындай маалыматты «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын Нарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Гүлжамал Султаналиева билдирди. Анын айтымында облуста шайлоочулардын тизмесине өлгөн адамдар да кирип калган фактылар бар. Тескерисинче, жаш шайлоочулар тизмеге кирбей калган учурлар кездешүүдө. Ички мигрантардын тизмеси да талапка жооп бербейт. Ал эми Нарын мамлекеттик университетинин 1-2 курсунун студенттеринин паспортторун кураторлору чогултуп алып, шайлоого сөзсүз келесиңер, биз айткан адамдарга добуш бересиңер деген фактылар да болууда. Студенттердин тизмелеринин жанында даректери көргөзүлбөгөн.

XS
SM
MD
LG