Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Өзбекстан ислам кыймылы Кыргызстанда террордук акт уюштурушу мүмкүн


БИШКЕК. Өзбекстандын ислам кыймылы Кыргызстанда террордук акт уюштурушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги эскертүү таратты. Ал Кыргызстандын аймагындагы америкалык уюмдарга жана бул жерде жашаган АКШнын атуулдарына жолдонду.

АКШнын мамлекеттик департаменти жыл сайын кооптуу делген өлкөлөрдөгү Кошмо Штаттардын уюмдарына жана ал мамлекеттерде убактылуу жашаган атуулдарга ушундай эскертүү жолдоп турат. Анын негизги максаты, америкалык атуулдардын коопсуздугу үчүн алдын ала маалымат берүү менен бирге, коопсуздукту күчөтүүнү көздөйт.

Алдын ала эскертүүдө “Кыргызстандагы АКШнын атуулдарына жана уюмдарына “Ал-Каида” менен байланышы бар Өзбекстандын ислам кыймылы террордук акт уюштурууну пландаштырганы” айтылган.

Бул маалымат тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилигинин басма сөз кызматынан Турат Макенбаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG