Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Укук коргоо уюму Акыйкатчынын ишин сынга алды


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын аткаруу комитети Акыйкатчынын ишин сынга алган кайрылуусун Кыргызстандын элине жолдоду. Бул тууралуу бүгүн аталган кыймылдын төрагасы Турсунбек Акун «Азаттыкка» маалымдады.

Кайрылууда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу адам укуктарын коргоо боюнча ишин канааттандырарлык деңгээлде жүргүзбөй, Омбудсман институтунун каражаттарын жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатат жана «Акыйкатчы жөнүндө» мыйзам бузулууда деп айтылган.

Ошондой эле Омбудсман институту өлкөдөгү көптөгөн укук коргоо жана бейөкмөт уюмдардын эмгеги менен түзулгөндүгү белгиленип, бул институтту Турсунбай Бакир уулунун өз кызыкчылыгына пайдаланууга жол берилбейт деп маалымдалган.

Ал эми Акыйкатчынын кеңсесинен Кыргызстан укук коргоо кыймылынын кайрылуусунда айтылган маалыматтар негизсиз деп «Азаттыкка» маалымдашты.

XS
SM
MD
LG