Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Ошто президент Акаевдин реформаларын колдоо фондунун бет ачары өттү


ОШ. «Элим үчүн, элим менен» деген аталыштагы коомдук фонддун жүз ачар аземинде анын максаты, коомдук саясий турмушка аралашуудагы орду жана уюштуруу иштери сыяктуу маселелер жөнүндө сөз болду.

Фонддун уюштуруучусу Аманбай Сатыбаев президент Аскар Акаевдин реформаларын колдоо жана ага "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген наам ыйгаруу үчүн 12 миң кол топтолгондугун билдирди.

Аталган фондду уюштуруучулардын бири - Жаштар партиясынын лидери Айдар Бакыев Аскар Акаевдин башкаруусунда жетишилген демократиялык баалуулуктарды жана ийгиликтерди сактап калыш эң негизги маселе экендигин белгиледи. Ошондуктан жаңыдан түзүлгөн «Элим менен, элим үчүн» коомдук фонду президенттин саясатынын тууралыгын элге жеткирмекчи.

Ал эми фонддун бет ачарына байкоочу катары катышып отурган адамдардын көпчүлүгү алгач Аскар Акаевдин мөөнөтүн референдум аркылуу узартуу демилгеси менен чыккан бул уюмдун ишинде тактикалык өзгөрүүлөр болгондугун белгилешти.

XS
SM
MD
LG