Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Тажикстандын президенти Чехияда визит менен жүрөт


Эмомали Рахмонов бүгүн президент Васлав Клаус менен жолугуп, анын соңунан журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрдү. Өз сөзүндө ал коңшулаш Ооганстанда стабилдүүлүк орнотуп, маңзаттарынын аткезчилигине каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ооганстанда контртеррордук операциялар башталгандан кийин деле маңзаттарын өндүрүү үч жарым эсеге көбөйгөнүн айтып, аларды көбү КМШ өлкөлөрү аркылуу Европага ташылып жаткандыгын, мунун өзү экстремизм менен терроризмдей эле коркунучтуу экенин эскертти. Проблеманы жалгыз-жарым өлкө чече албайт, бу жерде жарнакташкан күрөш керек, деп айтты Рахмонов.

XS
SM
MD
LG