Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

НАТО Иракка үз жүздөй аскери тапкөй жөнөтүүнү чечти


Бу план бүгүн альянстын жетекчилигинде жактырылды, алдыдагы күндөрдө дагы такталып, бышыкталат. Ал эми Ирактын жаңы армиясындагы жогорку даражалуу офицерлер Германияда даярдыктан өтүшөт. Алар НАТОнун Мюнхенге жакын жердеги мектебинде окушат. Мектепке канча курсант жана качан келери азырынча чечиле элек. Ал эми Ирактын өзүндө өткөн түнү Фаллужага америкалык согуш авиациясы кайрадан сокку урду. Командачылыктын айтымында, иорданиялык экстремист Абу Мусаба аз-Заркавинин жасакчылары окбаанелеп жаткан жерлер так мээленип, аткыланды. Жергиликтүү дарыгерлер болсо жайкын калк арасынан он бир киши набыт болгонун ырасташты.

XS
SM
MD
LG