Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Ооганстанда 9-октябрда президенттик шайлоо болот


Өлкөнүн тарыхында калк биринчи ирет тикелей добуш берүү менен мамлекет башчысын шайлайт. Талиптер шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн активдүү аракеттерге өтөрүн билдиришкен эле. Буга байланыштуу 100 миңге чукул ооган жана эл аралык аскер күчтөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү. Алтүндө Кабулга эки-үч курдай ракета атылды. Алардын бири америкалык жана германиялык элчиликтер турган имаратка мээленип, бирок жерге жетпей жарылып кетти. Кабулдун четинде италиялык контингент жайгашкан базага жакын жерге да эки ракета келип тийди.

XS
SM
MD
LG