Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Нобель тынчтык сыйлыгы Вангари Маатаиге ыйгарылды


Маатаи – Кениянын жаратылышты коргоо министринин орунбасары. Ырасмий билдирүүдө айтылгандай, Маатаи Нобелдин тынчтык сыйлыгына “Жашыл кырчоо” кыймылынын лидери катары жүргүзгөн жигердүү иштери үчүн татыктуу болду. Бу кыймыл 1977-жылдан бери бүткүл Африка боюнча 30 миллион түп бак-дарак отургузган. Норвегиялык Нобель комитетинин башчысы Оле Данболт Мьёэс дүйнөдөгү тынчтык айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерге да багыныңкы болорун белгилеп, Маатаи ушул күрөштүн алдыңкы чегинде жүрөт, ушундай жол менен Кениянын, бүткүл Африканын социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүшүн камсыз кылууда деп билдирди.

XS
SM
MD
LG