Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

ЧОҢ МУШТУМ ТЕРГӨӨЧҮЛӨР, ЧАЛАСАБАТ ҮГҮТ БАРАКЧАЛАРЫ, ТАЛАПКЕРЛЕРДИН УБАДАЛАРЫ


Жергиликтүү кеңеш шайлоосу башкалаа Бишкекте курч атаандаштыкта өтөөрү эмитен эле айтылууда. Шаардын бош жери калбай үгүт баракчалар чапталган. Алардын текши баарынын тексти окшош, болгону басмакана боёгу гана аркыл. Бишкекте депутаттыкка талапкерлердин арасында ишкерлер арбын.

Бишкек шаар кеңешине депутат болом дегендер арбын чыгышынын себеп-жөнүн бейшемби күнкү «Трибуна» гезитинде Р.Жанбалаев мындайча чечмелейт: Шаар кеңеш депутаттары буюрса, көчөлөрдү оңдоого деп алынчу 50 миллион доллар инвестиция акчанын тагдырын чечишет. Ошондон депутаттыкка ат салышкандар негизинен чиновниктер менен капчыгы калың ишкерлер. Аларды көргөндөн кийин катары менен эки партиянын мүчөсү болуп келаткан белгилүү эстрада ырчысы парламент депутаттыгына талапкерлигин коё тургандыгын билдирди, деп жазат макала автору.

Ушул эле автордун «Андайларды депутат шайлашпайт» деген макаласында жалган дипломдуу айыл өкмөт башчысы жергиликтүү кеңеш депутаттыгына талапкерлигин коюп жатканы баяндалат.

Журналист Сергей Богданов шек менен кармалган атуулдарды тергөөчүлөр уруп-токмоктоп, ит көрбөгөн азапты көрсөтүп, жасабаган кылмышты кантип моюнга алдырышканын «Жалаңкычтар» деген макаласында жазган.

Кыргызстан электр энергиясын чет өлкөгө сатуудан жыл сайын 1 миллиард сом пайда табышы ыктымал. Бул акча тармактын өнүгүшү үчүн өзгөчө керек. Азырынча, 1 миллиард сом изги тилек гана. Калктын энергетиктерге карызы 3,5 миллиард сом. Антсе да, кийинки кездери элден карыз акча чогултуу кыйла көбөйдү деп маалымдайт бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити.

Бишкек шаар кеңешине депутаттыкка талапкерлердин чаласабат үгүт баракчаларын көрүп туруп алардын узункулач убадаларына деле ишенбей кетесиң деп жазат С.Чериков бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезитинде жарыяланган макаласында. Автордун ырасташынча депутаттыкка талапкер өз ишин мыкты аткарса шайлоочулар аны узункулач убадасы жок эле шайлап коюшмак.

Шайлоо алдында өтөле активдүү үгүттү «Алга Кыргызстан» партиясы жүргүзүп, административдик кубаттын болгон ынтаасы жалгыз партиянын кызматын аткарып калганына жума күнкү «МСН» гезитинде Рина Приживойт «Күлдөбөдөн чыккан үн: «А» партиясына добуш бере кет!» деген макаласында токтолгон.

Ушул эле автордун шайлоо темасына арналган экинчи макаласында аткаминерлер кол алдындагыларын кантип үгүт ишине чегергени көптөгөн мисалдар менен баяндалган. Журналист Лариса Ли «Депутаттык орун канча турат?» деген макаласында шайлоочулардын көңүлүн алууга жумшалчу акчалар тууралуу ой жүгүртөт.

Апта соңундагы «Агым» гезитинде депутаттыкка талапкерлердин рекламалык материалдары басымдуу орун ээлейт.

Жума күнү «Бишкек таймс» гезити кандай материалдарга орун бергенин басылманын башкы редактор орунбасары Эмилбек Момуновдон уксак:

- «Кыргызстандын жашылча-жемиштерине чет өлкөлүктөр кызыгат» деген темада макала жарыяланууда. Анда бул жерде иш сапары менен жүрүшкөн германиялык ишкерлердин максаты тууралуу кеп болот. Ушу тапта парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланып жаткан менчиктештирүүнүн оош-кыйыштары жөнүндө кабарчыбыздын аналитикалык макаласына орун берилди. Бишкектин чоң көйгөйү – шаарды басып кеткен келемиштерди кантип жок кылуу тууралуу кабарчыбыз республикалык санэпидстанциянын башкы врачы менен аңгемелешкен.

«Кыргыз руху» гезитинин редактору Болот Таштаналиев басылманын жаңы санында кандай темалар чагылдырылганын айтып бермекчи:

- Бизде негизинен жергиликтүү шайлоого байланышкан материалдар арбын жарыяланууда. Мындан тышкары мамлекеттик тил тууралуу макалаларга орун бердик. Ошондой эле Кочкор районундагы кашар талаш жөнүндө кабарчыбыздын журналисттик иликтөөсү чыгууда.
XS
SM
MD
LG