Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

ЖАЛАЛАБАДДА СПАРТАКИАДА ӨТӨТ


1-октябрдан сегизине чейин Жалалабад шаарында Кыргызстандын 4-спартакиадалык оюндары өткөрүлмөк. Бирок ал жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго карата 14-октябрга жылдырылды.

Эгемен өлкө болгону Кыргызстанда биринчи спартакиада 1996-жылы Бишкекте өткөрүлүп, эстафетаны 2 жылдан кийин Ош шаары уланткан. Үчүнчү спартакиадалык оюндардын мелдештери 2002- жылы Карабалта шаарында болгон. Ушул үч оюндарда тең баш байгени Бишкек шаарынын командасы колдон чыгарган эмес.

Жакында Жалалабадда болчу 4-спартакиада спорттун олимпиадалык 12 түрү боюнча өткөрүлмөкчү. Мелдештерде Алатоонун 7 облусунун, Ош жана Бишкек шаарларынын командалары мөрөй талашат.

Спартакиада 1 миң 680 спортчусу күч сынашмакчы. Спорттун 10 түрү боюнча мелдештер Жалалабадда, ал эми баскетбол жана волейбол оюндары Кочкората шаарында болот.

Спартакиадага даярдыктар жана ага бөлүнгөн каражат тууралуу Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкери Кадыр Атакараев мындай деди:

-Быйыл Ош шаары биринчи ирет өз алдынча команда болуп катышууда. Спартакиаданы өткөрүүгө казынадан 1 млн. 800 миң сом каражат бөлүнгөн. Мелдештерди уюштурууга Жалалабаддагы спорт жайлар даяр. Командаларды 10-12-октябрдан баштап кабыл алат.

Спартакиадалык оюндар айыл жергесиндеги спортту жандандырып, айылдык таланттардын, спортко шыктуулардын жолун ачса деген тилек айтуу менен грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн улук машыктыруучусу Эмил Алыкулов мындай деди:

-Жалалабаддын эки айылында күрөш боюнча зал салынып, ишкерлер машыктыруучуларга айлык төлөп, балбандар даярданып жатат. Мындай демилгелер Таласта, Ысыккөлдө жана Чүйдө да колдоого алынууда. Бир гана күрөшкө көңүл бурулбай, спорттун башка түрлөрүнө да шарт түзүүгө убакыт жетти. Облустардын жетекчилери элдин ден соолугун карап, спортко болгон мамилесин өзгөртөт деп ойлойм.

Бул мелдеш Афина олимпиадасынын алдында - май же июнь айында өткөрүлсө таасирдүү болмок дегендер да бар. "Учурда облустардын командалары эч даярдыксыз" дейт Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алымгазы Адыкулов:

-Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен райондук, анан облустук этапта спартакиада уюштурулса, мыктыларды иргеп алууга мүмкүн болмок. Тилекке каршы, облустарда спортчулар унутулуп калып, ушундай мелдештер учурунда гана эске алынат. Себеби бир топ жылдан бери облусттарда мындай масштабдуу мелдештер өткөрүлгөн эмес. Спортчулардын чеберчилик деңгээли абдан төмөн. Жаңы эле окууга келишкен студенттерден команда түзүп, эч бир даярдыксыз мелдешке алып баратышат.

Мурдакы спартакиадада жеңип чыккан командаларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлыктар берилчү. Быйыл жеңүүчүлөргө кандай сый-урмат көрсөтүлөөрүн Кадыр Атакараев айтып берди:

-Быйыл жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилбейт. Үч даражадагы диплом жана медалдар: алтын, күмүш жана коло байгелер гана ыйгарылат.

Спорттун 12 түрү боюнча өткөрүлө турган Жалалабаддагы 4-спартакиаданы жалпы журтка маалымдоо үчүн Бишкектен 4 спорт журналисти гана бармак болду. Алар КТР, КООРТ жана НБТ телекомпанияларынын кызматкерлери.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG