Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗИ МИГРАНТТАРДЫН МҮРЗӨСҮНӨ АЙЛАНАБЫ?


Евробиримдикке кирген айрым мамлекеттер имигранттарды ылгоо борборлорун ачуу планын ыкчамдатууну көздөп жатышат. Дээрлик күн сайын жүздөгөн качкындар өмүрүн тобокелге салып Жер ортолук деңизи аркылуу Европа континентине агылат. Андыктан бул кадам бозгундардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат деп түшүндүрлүүдө. Шаркеттин башка бир мүчөлөрү жана БУУ мындай демилгеге каршы болууда.

Шейшембиде Чехия менен Германиянын чегарасында 50гө жакын кытайлык кишини алып бараткан жүк ташуучу машина кармалды. Жума күнү болсо Италиянын Лампедуза аралчасына дагы бир кеме -быкылдап жык толгон качкындарды тартып келди.

Ошол эле күнү Гаагада Евробиримдиктин министрлери шаркетке агылган мыйзамсыз мигранттар маселесин талкуулашты.

Германия менен Италия баш калка алууну каалаган адамдарды иргеп-ылгоо үчүн шаркеттин сыртында, маселен Түндүк Африкада атайын борборлорду ачуу сунушун дагы бир жолу кайталашты. Франция, Испания жана Швеция лагерлердин мыйзамдуулугу жөнүндө маселени көтөрүп, алар жайгашкан өлкөлөрдөгү стабилдүүлүккө залака тийиши мүмкүн деп эскертишти.

4-октябрда Еврокомиссиянын расмий өкүлү Жонатан Фол Брюсселдеги журналисттерди талкуунун жыйынтыктары менен тааныштырды:

-Кырдаал өтө тынчсызданаарлык. Жер ортолук деңизинде чыныгы трагедияга күбө болуудабыз. Канчалаган адамдын өмүрү кыйылып жатат.

Жекшембиде эле Тунистен Италияга келаткан кеме чөгүп кетип, 75 кишинин ичинен он бири эле куткарылды. 22 качкындын денеси табылды. Калгандары болсо италиялык социолог Марина делла Донне айткандай, Жер ортолук деңиз деген мүрзөдө калышты.

Брюсселдеги талкууга видеобайланыш аркылуу БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Рууд Любберс да катышты. Улуттар уюму мигранттарды тандоо лагерлер идеясына сын көз менен карайт. Биримдиктин башкалка берүү жана иммиграция жаатындагы пландары үчүн комиссариат болгону 1 миллион евро бөлүп берүүгө даяр.

Берлин менен Римдин демилгеси Лондон буга чейин сунуш эткен пландан кескин айрмаланат деп баса белгиледи Еврокомиссиянын өкүлү. Былтыр Британия азгын-тозгундарды тандоо лагерлерин ачуу демилгесин көтөргөн эле. Бирок Лондондун сунушу боюнча алар башпаана алууну күтүп жаткандарды өз өлкөлөрүнө кайтаруу үчүн да пайдаланмак.

Качкындар борборлорун ачуу маселесинин юридикалык өңүтү өтө олуттуу. Азыр биримдикке жер которууну каалаган адамдар тиешелүү арызды шаркеттин ичинде гана бере алышат. Анын механизми расмий кагаздардын Евробиримдиктин тышында каралышына жол бербейт.

Дагы бир маселе Евробиримдиктин иммиграция жана баш калка берүү саясатындагы бирдиктүү системанын жоктугуна барып такалат. Шаркетке канча мамлекет кирсе ошончолук, же башкача айтканда 25 ар башка мыйзам бар, - деп түшүндүрөт Фол:

-Баш паана берүү системасы биримдиктин сыртында кантип иштейт түшүнүксүз. Европадан баш калка бурүү процедурасы кайсы жоболорго ылайык жүргүзүлөт? Бул суроого азырынча жооп бере албайбыз. Анткени 25 түрдүү жооп бар.

"Азыркы баскычта биз Түндүк африкадан агылган бозгун-тозгундардын абалын жакшыртуу жаатында иштешибиз керек", деп кошумчалайт Фол.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG