Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

ПРЕЗИДЕНТ АКАЕВДИН КИЙИНКИ ШАЙЛООГО КАТЫШПАСЫНА ИШЕНИМ ТАЙЫП БАРАТАТ


Келерки жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Ага өзүнүн талапкер катары катышуусуна Конституция жол бербесин азыркы президент Аскар Акаев бир нече ирет билдирген. Бирок жергиликтүү саясатчылар арасында ага ишенбегендер дале көп.

Президенттик шайлоого талапкер катары дагы бир ирет катышуусуна жол бербесин мамлекет башчысы буга чейин бир нече ирет билдирген. Ошондуктан Аскар Акаев кийинки президенттик шайлоого катышпайт деген ишеним саясатчылар арасында бекемделе баштаган. Бирок жергиликтүү эксперттердин пикиринде, президент сентябрь айында өз китебинин Москвадагы бет ачар аземинде “силерден алган кубат мамлекетти көп жылдары башкарууга дем берет” деп айтканы жана Конституциялык соттун депутат Дүйшөн Чотоновдун арызына бир жактуу жооп бербегендиги- ал ишенимдин күчүн тайдырууда.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаровдун ушул жумада парламенттеги сөзү да жөн жерден айтылбагандай:

-Мен айтып эле жүрөм Акаевди колдогом, колдоп жүрөм. Дагы президенттик шайлоого бара турган болсо анда да колдойм.

"Өлкөдөгү мына ушул көрүнүштөр, акыркы кадрдык дайындоолор Аскар Акаевдин бийликте калууга аракетинен кабар берүүдө", дейт “Акыйкат жана прогресс” партиясынын лидери Муратбек Иманалиев:

-Менин оюмча аракеттер бар. Алар көрүнүп турат. Бирок бул жерде негизги маселе - юридикалык, конституциялык маселе. Ошол маселени кандай чечет? Конституцияны өзгөртөбү же башка жол менен барабы - белгисиз болуп турат. Бул өтө орчундуу жана кыйын маселе.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Исхак Масалиев президенттин шайлоого барбайм деген сөзүн өз оозунан уга элекмин деп, буларга токтолду:

-Мен президенттин өз оозунан "шайлоого барбайм" деген сөздү уга элекмин. Ал дайыма “Конституцияга ылайык болот” деп айтып жүрөт. Ал эми Конституцияны каалагандай калчоонун тажрыйбасы бизде бар. Ошондуктан мен Акаев кийинки шайлоого барбайт деп айта албайм. Анан коркутуп атканы жогоруда айтылган белгилер. Бир тууган балдызын өлкө боюнча кадр саясатын тейлетип койгону ойлондура турган, өкүндүрө турган жана чочута турган нерсе.


Мына ушундай көрүнүштөргө карабай президенттикке талапкерлер өз ишин күчөтүүгө тийиш дейт “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов:

-Менин оюмча, президент Аскар Акаев Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да бир нече жолу айткан: “менин президенттик шайлоого дагы бир ирет баруума Конституция мүмкүндүк бербейт” деп. Ошого таянып айтаарым, Акаев кийинки шайлоого катышпайт. Катыша албайт дагы. Бирок Акаевдин айланасында аны ордунда калтырууга аракеттер бар.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы, бийликчил “Алга, Кыргызстан” партиясынын өкүлү Валерий Диль бул маселе боюнча мындай оюн билдирди:

-Кыргызстан Конституциясы боюнча Аскар Акаев дагы бир ирет президенттик шайлоого талапкерлигин коё албайт. Эгерде барса өлкөнүн мыйзамдары бузулат.

Аскар Акаевдин президенттик шайлоого барышына Конституциянын жол бербеши так айтылганына карабай калк арасында күдүктөнүү сакталып турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG