Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР: КИМДИН ТААСИРИ КАНЧА?


Бакыт Аманбаев, Бишкек 10-октябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөрүлөт. Андан соң өлкөдө парламенттик шайлоо өнөктүгү башталат. Ал эми 2005-жылдын күзүндө президенттик шайлоо болот. Өлкөдөгү мындай маанилүү ири окуяларга карата Кыргызстандагы партиялардын жана саясий топтордун даярдыгы кандай?

Эгемендүүлүк мезгилинде Кыргызстанда кырктан ашуун саясий партиялар түзүлдү. Байкоочулардын баамында келээрки парламенттик шайлоого жакын өлкөдөгү саясий партиялар ашып барса эки чоң саясий топко биригиши ыктымал. Анткени соңку мезгилдеги саясий окуялар көрсөткөндөй 2005-жылдагы парламенттик шайлоодо саясий таймаш эки талапкердин эмес, эки саясий топтун ортосунда, тагыраак айтканда, он үч жылдан ашуун бийликте турган бийлик өкүлдөрү менен оппозициянын ортосунда болоору ачык байкалууда.

Мындан сырткары айрым талдоочулардын пикирине караганда, 2005-жылдагы президенттик шайлоонун кандай өтүшү да мына ошол парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу болушу ыктымал. Анткени өлкөнүн Башмыйзамынын 96-беренесине ылайык жаңы шайланган Жогорку Кеңеш өлкөнүн Конституциясын көпчүлүк добуш менен каалагандай өзгөртүүгө укуктуу.

"Ошондуктан парламенттик шайлоодо азыркы бийлик өкүлдөрү көпчүлүк добушка ээ болушса, келечекте да бийликте калуу үчүн алар Башмыйзамды каалагандай өзгөртүшөөрү толук ыктымал" дешет көз каранды эмес байкоочулар.

Мына ушул өнүттөнбү, айтор, өлкөдөгү саясий күчтөр жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоолорго караганда, парламенттик шайлоого кылдат даярдык көрүшүп жаткандай. Адегенде өкмөтчүл маандайдагы "Жаңы заман", "Биримдик", "Жаңы кыймыл", "Манас эл", "Кооператорлор" патиялары биригишип "Алга, Кыргызстан" партиясын түзүштү. "Алга, Кыргызстан" кыска мөөнөттүн ичинде "Дени сак калк, Күчтүү Кыргызстан, Бай калк" деген ураандын алдында бардык дубандарды кыдырышып, карапайым калкка бекер медициналык жардам берип, элди өзүнө тартууга ачык аракет жасашууда. Негедир, аталган партия карапайым элге жакындан жардам берип, "Күчтүү "Кыргызстан" деп ураан чакырса да партиянын артында ким турарын элге ачык айтышпайт.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү «Алга, Кыргызстан» партиясынын артында эң жогорку бийлик өкүлдөрү турарын айтышып, алар мамлекеттик каражат менен шайлоонун алдында карапайым элдин добушун алууга далбас урууда дешет:

- Бул партиянын артында азыркы бийлик турат. Анын баш кеңсеси - Ак үй. Бүгүнкү бийлик дегенде, биз бир үй-бүлөөнү түшүнөбүз. Мына ошол партиянын башчыларынын бири президенттин кызы жана күйө баласы. Алар мамлекеттик каражат менен карпайым элди өз тарабына тартууга аракет кылышууда.

Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай пикирин «Алга, Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү жокко чыгарышат. Маселен, аталган партиянын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиев «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде аталган партиянын ишмердүүлүгү боюнча төмөндөгүдөй өз оюн ортого салды:

-Эч кандай бюджеттик каражат жумшалган жок. Жогорудагыдай иш чараларга партиянын жана партия мүчөлөрүнүн каражаттары кетүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе - соңку мезгилдери өлкөдөгү оппозициячыл маанайдагы партиялардын ортосунда да биригүү байкалууда. Жыл башында адегенде, оппозициячыл партиядагы алты партия биригишип, "Эл бийлиги үчүн" шайлоо блогун түзүшкөн.

Жакында аталган блокко кирген партиялар менен өлкөдөгү эң көп мүчөсү бар делинген Кыргызстан коммунистери, Клара Ажыбекова жетектеген Кыргызстан коммунисттик партиялары болуп, 9 партия "Кыргызстан элдик кыймылы" деген аталыштагы саясий бирикмесин түзүштү. Анын жетекчиси, мурдагы өкмөт башчы Курманбек Бакиев маалымат жыйынында журналисттерге кыймылды түзүп эле тим болбостон, бирикмеге кирген саясий партиялар келээрки парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүүгө биргелешип аракет кылышаарын мындайча билдирди:

- Жакшы идеяны ишке ашырыш үчүн иштеш керек. Жөн эле жарыялап коюп тим койбош керек. Биз ушундай кыймыл түздүк. Эми жакынкы күндөрү чон жыйын өткөрөбүз. Анда келээрки парламенттик шайлоодо 75 округдан кайсыл талапкерлерди колдой турганыбызды коомчулукка ачык жарыялайбыз.

Азырынча келээрки шайлоолорго бийликчил маандайдагы партиялар гана ачык аракет жасашууда. Ал эми оппозициядагы партиялар азырынча келечектеги иш планын тактоо менен гана алек.

Мындан сырткары бир нече ай илгери өлкөдө парламенттик, президенттик шайлоону адилет өткөрүү максатында, курамына мурда аткаруу бийлигинде иштеген жана оппозициячыл маанайдагы саясатчылар кирген "Адилет шайлоо үчүн" атуулдук бирикмеси түзүлгөн.

Андан көп өтпөй өлкөдөгү улуттук көрөңгөнү жана намысты сактоого умтулган күчтөр "Улуттук ордо тилектештиги" аттуу бирикме түзүштү.

Алгач түзүлгөндө курамына таасирдүү саясатчылар кирген "Адилет шайлоо үчүн" атуулдук бирикмесинин жайкы эс алуудан бери дайыны чыга элек. Байкоочулардын баамына караганда аталган бирикме адеп түзүлгөндө эле болочок шайлоодо бирдиктүү күч катары чыкпасын жарыялоо менен өз ишмердүүлүгүн чектеп, ошонун айынан саясатта активдүү аракети байкалбай жаткандай.
XS
SM
MD
LG