Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

10-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү: 10-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында 0...-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Үшүк айыл чарбасындагы жыйналып жаткан жер-жемиштерге терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

10-октябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0...-2 градуска чейин суук, күндүз +13...+18 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн –2...-4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз +11...+16 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +4...+6, күндүз +13...+18 градус жылуу болот.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН дубандарында түнкүсүн 0...+5 градус жылуу, айрым жерлерде 0...-2 градус суук болуп, үшүк жүрөт, күндүз +9...+14 градуска жылыйт.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0...+2, күндүз +15...+17 градус жылуу.
Күндүн узактыгы 11 саат 18 мүнөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG