Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:45

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 9-октябрда Ооганстанда президенттик шайлоо өттү. Элдин көбү өз убагында добуш берүүгө үлгүрбөгөнүнө байланыштуу шайлоо убактысы дагы эки саатка узартылды. Ошентип шайлоо участоктору жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат алтыда жабылды. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары 48 сааттан кийин чыгарылмакчы.

Ишембиде Ооганстанда адаттан тыш жандуу маанай өкүм сүрдү. Ооган жарандары ондогон жылдардан бери биринчи жолу мамлекет башчысын түз добуш берүү аркылуу шайлашты. Кабулда добуш берип жатып, президент Хамид Карзай шайлоо чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгилеп, мындай деди:

-Ооган эли биринчи жолу шайлоого катышып, өз президентин тандап жатат. Мен бактылуумун, бул эң жакшы күн. Алладан бизге ушундай күндөрдү мындан ары да берээрин тилейм.

Шайлоо учурунда шайлоочунун карточкаларына коюлуучу мөөрлөр менен шайлоочулардын бармагына сүртүлө турган сыянын сапатсыздыгына байланыштуу терең наарызылыктар чыкты. Шайлоочулар да, президенттикке талапкерлердин өздөрү да бармакка сүртүлүп, карточкаларга басылып жаткан сыяны опоңой эле өчүрүп салууга мүмкүн экенине ачуулары келди. Алар ар шайлоочунун бир эле ирет добуш берүүсүнө жол коюп, шайлоонун адилет болушуна кепил кылат деген ыкма натыйжасыз болуп чыкканына өтө кабатыр болушту.

Шайлоочулардын кыйласында бир эле карточка эмес, бир нече карточканын бар экенин өлкөнүн мамлекет башчысы Хамид Карзай да ырастап, таратылган артык баш карточкалардын саны белгисиз экенин шайлоонун алдында эле мойнуна алган. Бирок ал шайлоочунун колуна басыла турган мөөрлөр кайталап добуш берүүгө жол бербешине ишенген болучу.

Биргелешкен шайлоо комиссиянын башчысы Фарук Вардак "Азаттыктын" кабарчысына алгач берген маалыматында, эгерде сыянын сапаты начар экени көп участоктордо ырасталса, ал шайлоо участкалары сыя жеткирилгенге чейин жабыла турганын билдирген эле. Бирок кийинчерээк ал бул маселе баардык жерде тегиз жөнгө салынганын кабарлаган. "Азаттыктын" Ооганстандагы кабарчылары болсо сыяга байланыштуу чыккан маселе чечилбестен кала берип жатканын маалымдап жатышты.

Ошону менен катар эле шайлоочулардын айрымдары президенттикке талапкерлердин бири Юнус Канунинин тарапкерлери шайлоо күнү да үгүт иштерин улантып жатканына нааразы болушкан. Өзүн
Сафай деп атаган шайлоочунун айткандарын угуп көрсөк:

-Бүгүн шайлоо күнү. Мыйзамга ылайык үгүт кампаниясы бир нече күн мурда аяктады. Бирок Канунинин тарапкерлери Каир Ханада машиналар менен көчө кыдырып, Кануниге добуш берүүгө үндөп жатышат. Ар кай жерлерге Канунинин шайлоого үгүттөгөн плакаттар чапталууда. Бул накта мыйзам бузуу.

Мындай одоно мыйзам бузууларга байланыштуу азыркы президент Хамид Карзайдын баардык атаандаштары шайлоонун жыйынтыктарын мыйзамсыз деп эсептешерээрин жарыялап, шайлоону токтотууну талап кылышты. Бирок борбордук шайлоо комиссиясы бул талапты аткаруудан баш тартып, ошону менен бирге эле, үгүт жүргүзүү жана добуш берүүлөр учурунда орун алган мыйзам бузууларды кылдат иликтөөгө убада берди. Комиссиянын төрагасынын орун басары Рей Кеннеди буларды айтты:

-Комиссия шайлоочуларды, байкоочулар менен талапкерлерди орун алган мыйзам бузуулар кылдат иликтене турганына ишендирет. Шайлоодо ар шайлоочунун каалоосу чагылдырылышы керек.

Ошону менен бирге эле шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттери да орун алганы кабарланды. Кунар провинциясынын Асадабад деген шаарында белгисиз бирөөлөр шайлоо учаткасына эки ракета аткан. Ал эл чогулуп турган жерден жүз метрдей алыс түшүп, эч кимге зыян келтирген эмес. Гардез провинциясында болсо Ооган коопсуздук күчтөрү текшерүү пунктунан өтүүгө аракеттенип жаткан автомашинадан бомба таап алышкан. Добуш берүү башталгандан көп өтпөй Кабулдун чет жакасындагы участкага бирөөлөр автоматтан ок ачкан. Андан оогандардын үч аскери жараат алды. Ок ачкан талиптердин бирөө кармалды.
XS
SM
MD
LG